Haber

СГД кафедрасы, июнь 2020: Мамлекеттик тил күнүнө карата СГД кафедрасынын онлайн адабий-музыкалык иш чарасы.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасы «КЫРГЫЗ ТИЛИ - БИЗ ҮЧҮН БИЙИК ОРДУҢ, АЛА-ТООДОЙ АР ДАЙЫМ БИЙИК БОЛГУН!» аттуу онлайн адабий-музыкалык иш чара өткөрдү. Иш чарага эл аралык медицина факультетинин студенттери активдүү катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. 2-курстун студенти Mитилда Манож кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандардын өмүр таржымалы жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү, монологторду жана ырларды, көркөм окууларды аткарышты.
1018 11:29 24-09-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|