Студенттик "Өнөр" клубу
12:22
«Өнөр» студенттик клубунун жобосу
I.Жалпы жобо
Клубдун максаты:
• ОшМУнун студенттеринин арасынан ой жүгүртүүсү жакшы, ишке жөндөмдүү мыкты студентти тандап алуу;
• Студенттерге команда менен иштөөнү үйрөтүү;
• Студент-жаштарды эмгекке үйрөтүү жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү;
• Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу;
• Таланттуу студенттерди табуу;
• Студенттерди мекенчилдике тарбиялоо;
II. Клуб мүчөлөрүнүн милдеттери:
• Жуманын шейшемби, бейшемби күндөрү машыгууга келүүгө;
• Машыгууга кечикпөө жана калтырбоого;
• Факультеттеги сабактарына жетишүүгө;
III. Клуб мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар:
• Клубга таланттуу, ички жан дүйнөсү бай, интеллектуал студенттер мүчө боло алышат;
• Өзү жөнүндө маалыматтарын, сүрөттөрүн белгиленген убакытка чейин тапшыруусу кажет;
• Клуб мүчөлөрүн сыйлоо жана ички тартипке баш ийүү;
• Үйрөнгөнүн башка студенттерге үйрөтүүгө жана жайылтуусу керек;
IV. Уюштуруу тобунун (Жаштар комитетинин) милдеттери:
• Жуманын шейшемби, бейшемби күндөрү клуб мүчөлөрү машыгуу үчүн ыңгайлуу жай (аудитория) менен камсыз кылат;
• Керектүү куралдар жана мугалим менен камсыздайт;
• Клуб мүчөлөрүн стимулдаштыруу максатында жыл жыйынтыгын чыгарып, сыйлайт;
• Клуб мүчөлөрүнүн колунан жаралган буюмдарды коомчулукка жарыялайт (жарманке уюштурат);
V. Окуу жылынын аягында клуб мүчөлөрүн сыйлоо
Окуу жылынын аягында клуб мүчөлөрү төмөндөгүдөй номинциялар менен сыйланышат:
• «ОшМУнун өнөрлүү студенти - 2018»;
• «ОшМУнун зирек студенти – 2018 »;
Андан сырткары өз активдүүлүгүн көрсөткөн студенттердин мектептерине жетекчилик тарабынан ОшМУнун ыраазычылык каттары жөнөтүлөт.
Эскертүү:
1) Клуб мүчөлөрүнүн саны чектелбейт.
2) Клуб мүчөсүн жаштар комитети декандын тарбия иштери боюнча орун басары менен биргеликте тандоого тийиш;
Уюштуру тобу:
ОшМУнун Жаштар комитети.
Байланыш дареги:
ОшМУнун башкы имараты, 228-кабинет. Тел.: 2-26-33, 0554 50 04 54, 0776 76 07 16.
1744 12:22 14-05-2018