Haber

Студенттик "Өнөр" клубу

«Өнөр» студенттик клубунун жобосу I.Жалпы жобо Клубдун максаты: • ОшМУнун студенттеринин арасынан ой жүгүртүүсү жакшы, ишке жөндөмдүү мыкты студентти тандап алуу; • Студенттерге команда менен иштөөнү үйрөтүү; • Студент-жаштарды эмгекке үйрөтүү жана алардын жөндөм шыктарын өстүрүү; • Студенттердин сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу; • Таланттуу студенттерди табуу; • Студенттерди мекенчилдике тарбиялоо; II. Клуб мүчөлөрүнүн милдеттери: • Жуманын шейшемби, бейшемби күндөрү машыгууга келүүгө; • Машыгууга кечикпөө жана калтырбоого; • Факультеттеги сабактарына жетишүүгө; III. Клуб мүчөлөрүнө коюлуучу талаптар: • Клубга таланттуу, ички жан дүйнөсү бай, интеллектуал студенттер мүчө боло алышат; • Өзү жөнүндө маалыматтарын, сүрөттөрүн белгиленген убакытка чейин тапшыруусу кажет; • Клуб мүчөлөрүн сыйлоо жана ички тартипке баш ийүү; • Үйрөнгөнүн башка студенттерге үйрөтүүгө жана жайылтуусу керек; IV. Уюштуруу тобунун (Жаштар комитетинин) милдеттери: • Жуманын шейшемби, бейшемби күндөрү клуб мүчөлөрү машыгуу үчүн ыңгайлуу жай (аудитория) менен камсыз кылат; • Керектүү куралдар жана мугалим менен камсыздайт; • Клуб мүчөлөрүн стимулдаштыруу максатында жыл жыйынтыгын чыгарып, сыйлайт; • Клуб мүчөлөрүнүн колунан жаралган буюмдарды коомчулукка жарыялайт (жарманке уюштурат); V. Окуу жылынын аягында клуб мүчөлөрүн сыйлоо Окуу жылынын аягында клуб мүчөлөрү төмөндөгүдөй номинциялар менен сыйланышат: • «ОшМУнун өнөрлүү студенти - 2018»; • «ОшМУнун зирек студенти – 2018 »; Андан сырткары өз активдүүлүгүн көрсөткөн студенттердин мектептерине жетекчилик тарабынан ОшМУнун ыраазычылык каттары жөнөтүлөт. Эскертүү: 1) Клуб мүчөлөрүнүн саны чектелбейт. 2) Клуб мүчөсүн жаштар комитети декандын тарбия иштери боюнча орун басары менен биргеликте тандоого тийиш; Уюштуру тобу: ОшМУнун Жаштар комитети. Байланыш дареги: ОшМУнун башкы имараты, 228-кабинет. Тел.: 2-26-33, 0554 50 04 54, 0776 76 07 16.
1721 12:22 14-05-2018

                 

Haber

|< 1 >|