Ж Ы Й Ы Н Т Ы К
Окутуучулар үчүн суроолор боюнча
1.Сиз үчүн онлайн модуль алууда кандай көйгөйлөр болду?
-Интернет начар тарткан жердеги студенттердин учурунда тапшыра албагандыгы, бирок ошол эле учурда онлайн тест тапшыруу тескерисинче оной болду, себеби , студенттердин ишин текшерүү женил болду;
- байланышка чыга албаган студенттерге жеке байланышууга туура келгендиги;
-ар бир тайпадан 4-5 тен студент онлайн катыша албай калышы;
2.Ар кандай шарттардан улам (М: интернети жакшы тартпаган студенттер ж.б.) .., байланышка жакшы чыга албаган студенттер үчүн жыйынтык балл чыгарууда кандай ынгайлуу усулдар бар экендигин байкадыныз?
-ватсап аркылуу байланыштык;
-тесттин жоопторун жана конспектилерди документ кылып ватсаптан жөнөүү ;
-байланыш начар болгондуктан, ъз алдынча тапшырма берип жыйынтык баа чыгаруу ынгайлуу;
-кошумча сабак уюштуруу;
3.Жыйынтык баа чыгарууда Сиз колдонгон баалоо каражаттары жана модулдан кийинки студенттердин билим денгээлине берген бааныз (төмөн, орто, жогору; же % менен берсениз да болот)
-студенттердин билим денгээли орто;
4.Онлайн окутууда кайсы окутуунун формасы Сиз үчүн ынгайлуу болуп жатат? ( ZOOM , gitsi meet , сlassroom, видеосабак, видеочакыруу, ватсап ж.б....)
- ZOOM, ватсап эн ынгайлуу болуп жатты, себеби къп студенттер башка онлайн окутууларга кире албай жатышты;
- ZOOM, сlassroom, видеосабак;
5.Онлайн окутууда Сиз сунуш кылуучу жаны усулдар:
-Тилдер ПЦКсы.: оффлайн сабакта колдонулуучу усулдарды колдонуп жатабыз, сабак баштаарда сөзсүз “Муз жаргыч” стратегиясын колдонуп жатабыз. Интерактивдүү усулдарды : Венндин диаграммасы, синквейн, концептуалдык таблица ж.б. колдонуу ынгайлуу.
-зуум, ватсап, видеосабак ж.б.
6.Онлайн окутуу боюнча, окутуунун сапатын жогорулатуу жана окутуудагы айрым көйгөйлөр, алардан чыгуу жолдору боюнча Сиздин ой-пикириниз
-бардык окутуучулар бирдей тиркемени пайдаланышса, себеби студенттер ар түрдүү тиркемелер менен кирип бир аз кыйынчылыктар болуп жатат;
-ата-энелер менен тыгыз байланышта болууп;
-эн натыйжалуу ватсап болуп жатат, себеби ар дайым ватсаптан жеткирүү оной болуп жатат;
-окутуучулар үчүн акысыз курстарды, видеосабактарды ж.б. уюштуруу;
-сабак учурунда окутуучунун талапка ылайык кийинип отуруусу, отурган орду, студенттерге мамилеси;
7. Онлайн окутуудагы Сиз колдонгон баалоо каражаттары
-студенттердин сабакка катышуусуна, тапшырмаларды аткаруусуна, өзгөчөлүгүн белгилөө менен бааланууда;
-презентация жасаган, аудио, видео түрүндө тапшырмаларды жөнөткөндөрдү эске алуу, жат жазуу, эссе, учурдук текшерүү иштеринин жыйынтыктарын да эске алуу менен балл чыгардык;
-жумушчу программада көрсөтүлгөн баалоо каражаттары колдонулду;
-лекциялык материалдардын толук болушу (кайтарым байланыш), семинардык сабакка активдүү катышуусу, СӨАИнин аткарылышы, логикалык жактан күчтүүлүгү, кырдаалдык суроолордон чыгып кетүүсү ж.б. жөндөмдөрүн эске алуу менен жыйынтык балл чыгардык;
-күнүмдүгүн ошол күнү эле баалоо, студенттерге стимул берүү;
-----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Жогорудагы окутуучулардын жана студенттердин берген жоопторун эске алуу менен сунуш кылынды:
1. Онлайн окутууда айрым көйгөйлөрдү эске алуу менен ар бир студент менен жекече байланышты күчөтүү;
2. Онлайн сабак өтүүдө окутуунун бардык ынгайлуу формаларын колдонуу менен параллелдүү түрдө ватсап тиркемесин колдонуу;
3. Айрым пикирлерди эске алып, ар бир окутуучу жеке өзүн алып жүрүү эрежелерин так сакташы жана студенттерге туура, талапка ылайык этияттык менен мамиле жасоосу;
4. Тесттерди, суроолорду түшүнүкүү жана сапаттуу түзүү, адистиктин өзгөчөлүгүн эске алуу менен баалоо каражаттарынын механизмин түзүү.
Даярдаган, ФЮКтун окуу-усулдук иштери боюнча директордун орун басары: Райимбердиева Ж.К.