Студенттер Өзгөндүн тарыхый жайларын кыдырып келишти

Anasayfa Haberler

Студенттер Өзгөндүн тарыхый жайларын кыдырып келишти

Image

ОшМУнун Финансы-юридикалык коллежинин окутуучулары жана студенттери Өзгөн шаарындагы тарыхый-архитектуралык комплекске, Имам Сарахси мечитине, Өзгөн мунарасына саякат жасашты.

Саякат учурунда студенттерди Имам Сарахси мечити өзгөчө таасирлентти. Окутуучулар аларга Сарахсинин илимий жана руханий мурасы тууралуу айтып беришти. Ошондой эле Өзгөн шаарынын өлкө үчүн тарыхый мааниси боюнча лекция окулуп, экскурсия уюштурулду.

Студенттер саякаттан чоң таасир алганын айтышты. Алар тарыхый доорлордун байланышын көрүп, маданий мурасты сактоо канчалык маанилүү экенин терең түшүнгөндөрүн белгилешти.

Иш-чараны окутуучулар Диларам Анарбаева жана Саулет Ыдырысова уюштурду. Максаты студенттерди аймактын тарыхый-маданий мурасы, Караханиддер доорунун архитектуралык эстеликтери менен тааныштыруу болду.

fotoğraf Galerisi