ОшМУнун эки окутуучусу Түркияда санариптик журналистика боюнча семинар өтүштү

Anasayfa Haberler

ОшМУнун эки окутуучусу Түркияда санариптик журналистика боюнча семинар өтүштү

Image

Педагогика, искусство жана журналистика институтунун окутуучулары Махабат Мамырова жана Айжан Умарова Измир шаарындагы Еге университетинде тажрыйба алмашууда.

Алар Орхун академиялык алмашуу программасы менен 13-27-апрель күндөрү Түркияда болот. Сапар учурунда окутуучулар Еге университетинин коммуникация факультетинин жамааты үчүн «Заманбап журналистиканы окутуунун ыкмалары жана санариптик инструменттери» деген темада семинар өтүштү.

Анда алар билим берүүдө санариптик технологияны колдонуу, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, журналистикадагы жаңы тенденциялар тууралуу айтып беришти. Ошондой эле журналистика факультетинин студенттерине конок лекция окушту. Лекцияда маалыматтык доордо журналисттин ролу, санариптик медиада болуп жаткан өзгөрүүлөр, азыркы журналистиканын талаптары талкууланды.

Окутуучулардын бул сапары ОшМУ менен Еге университетинин кызматташтыгын бекемдейт. Ошондой эле билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, заманбап журналистика багытында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жардам берет.

fotoğraf Galerisi