ОшМУ Кытайдын алдыңкы университети менен кызматташат

Anasayfa Haberler

ОшМУ Кытайдын алдыңкы университети менен кызматташат

Image

Ош мамлекеттик университети (ОшМУ) Кытайдагы алдыңкы окуу жайлардын бири – Сиань Цзяотун университети менен кызматташтыкты баштады. 

Тиешелүү меморандумга 6-апрелде окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков Кытайга болгон иш сапарынын алкагында кол койду. Жолугушуу Сиань шаарында өттү. Анда тараптар эки университеттин ортосундагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты.

Макулдашууга ылайык, алдыда студенттер жана окутуучулар үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары ишке ашырылат. Мындан тышкары тажрыйба алмашуулар, семинарлар, илимий конференциялар уюштурулуп, биргелешкен изилдөөлөр жүргүзүлөт. Ошондой эле илимий материалдар менен алмашуу, инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу каралган.

Иш сапардын алкагында ОшМУнун ректору дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин форумуна катышып, баяндама жасайт.

Сиань Цзяотун университети 1896-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө Кытайдагы эң абройлуу окуу жайлардын бири болуп саналат. Мекеме инженерия, технология, медицина жана экономика тармактарында күчтүү билим берет. Университет өлкөнүн алдыңкы окуу жайларын бириктирген C9 League уюмунун мүчөсү.

fotoğraf Galerisi