Студенттер манасчы Нурбек Талантбеков менен жолугушту

Anasayfa Haberler

Студенттер манасчы Нурбек Талантбеков менен жолугушту

Image

6-апрелде Ош мамлекеттик университетинде кыргыз улуттук «Манас» театрынын директору, манасчы Нурбек Талантбеков менен студенттердин жолугушуусу өттү.

Иш-чара окуу жайдын Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда уюштурулду. Нурбек Талантбеков манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүктөрү, эпостун тарыхый жана маданий мааниси тууралуу айтып берип, өзүнүн чыгармачылык жолу менен бөлүштү. Ошондой эле ал манас айтуудан үзүндүлөрдү аткарып, студенттерге өзгөчө таасир калтырды. Студенттер болсо суроолорун берип, манасчылык өнөр, сахналык ишмердүүлүк жана улуттук маданиятты өнүктүрүү багытында кеңири маалымат алышты.

Жолугушуу президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду. Аны менен  улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу жана кыргыз элинин улуу мурасы болгон «Манас» эпосуна кызыгууну арттыруу пландалууда.  

 

fotoğraf Galerisi