ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун дүйнөлүк адабият кафедрасынын окутуучулары Земфира Мискичекова, Замира Сабиралиева Карелия өлкөсүндөгү «Улуу Жеңиш. Эс тутум маршруттары» форумуна катышып келишти.
Петрозаводск шаарындагы Элдер достугу үйүндө алар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын салымы тууралуу айтып беришти. Блокададагы Ленинграддан балдардын Борбор Азияга эвакуацияланышы, кыргыз элинин фронтко көрсөткөн жардамы боюнча маалымат беришти.
Окутуучулар Петрозаводск шаарындагы Пряжа орто мектебинде, Державин лицейинде жана Кондопога борбордук китепканасында «Улуу Жеңиш. Эс тутум маршруттары: Орусия – Кыргызстан – Армения» деген темада конок лекцияларды өтүштү. Сапар учурунда алар Петрозаводск мамлекеттик университетинин окутуучулары, студенттери менен тажрыйба бөлүштү. «Орус тили Борбор Азия менен Кавказдын билим берүү жана маданий-тарыхый мейкиндигинде. Улуу Жеңиш муундардын эсинде» аттуу эл аралык семинарга катышты.
Форумда ОшМУнун окутуучулары даярдаган «Улуу Жеңиш. Эс тутум маршруттары» көчмө фотокөргөзмөсү коюлду. Көргөзмө Кыргызстандын жалпы Жеңишке кошкон салымын чагылдырат. Ошондой эле Петрозаводск шаарындагы аскердик даңк жайлары, аскердик даңк борбору жана музейлер менен таанышты.
Бул сапар тажрыйба алмашууга, ОшМУ менен Петрозаводск мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошту.