ОшМУнун окутуучусу Кытай айыл чарба университетинде иш сапарда болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу Кытай айыл чарба университетинде иш сапарда болду

Image

Ош мамлекеттик университети Финансы-юридикалык колледжинин Табият таануу жана тилдер бөлүмүнүн окутуучусу Анаргүл Бапышова 5–9-февраль күндөрү Пекин шаарында иш сапарда болуп келди.

Сапардын алкагында Кытай айыл чарба университетинин Инженердик колледждин окуу-усулдук ишмердүүлүгү, илимий-практикалык иштеринин өзгөчөлүктөрү жана заманбап лабораторияларынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Инженердик колледждин директору Сонг Женгхе, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Жоу Южан жана профессор Мао Ху менен жолугушуп, окутуучулар жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу, биргелешкен эл аралык илимий конференцияларды уюштуруу, билим берүү жана илимий изилдөө багытындагы кызматташууну тереңдетүү маселелер боюнча пикир алышты.

Анаргүл Бапышова Инженердик колледждин окутуучуларына жана студенттерине «Кыргыз элинин улуттук суусундуктары жана алардын тарыхы» аттуу темада баяндама жасады. Анда кыргыз элинин бай маданияты, салттуу суусундуктарынын тарыхы жана алардын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилип, катышуучулардын кызыгуусун жаратты.

Фото галерея