Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучулары Өзбекстандын Самарканд шаарында илимий сапарда болуп кайтышты.
Делегациянын курамында профессор Венера Сабирова, доцент Дамира Асанова, улук окутуучулар Сейданахан Алимбаева, Сайрагүл Курманкулова жана Алтынай Исмаилова бар. Сапардын алкагында алар 17-апрелде ZARMED UNIVERSITY базасында өткөн “Жасалма интеллект жана санарип технологиялардын өнүгүшүнүн перспективалары” аттуу эл аралык илимий конференцияга катышышты. Анда заманбап технологиялардын өнүгүү багыттары, билим берүүдө санарип чечимдерди колдонуу жасалма интеллекттин ролу талкууланды.
18-апрелде делегация Самарканд мамлекеттик университетинин Орус жана чет тилдер филологиясы институтунда студенттерге конок лекция өтүштү. Лекциянын темасы билим берүү жана илимий иштерде эл аралык кызматташууну өнүктүрүү болду. Ошондой эле эки окуу жайдын жетекчилиги жолугушуп, билим берүү, илимий изилдөө тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар академиялык байланыштарды бекемдөөгө багытталган макулдашууларга жетишти.
Сапардын соңунда Самарканд мамлекеттик университетинде ачылышы күтүлүп жаткан Кыргыз тили жана адабияты борборуна Кыргызстандын мамлекеттик желеги, улуттук баш кийимдер, “Манас таануу” окуу куралы белек катары тапшырылды.
Бул иш сапар эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы илимий, академиялык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга багытталды.