Тарыхы
Заманбап технологиялардын адам баласынын жашоосуна аябай тереңдеп сүңгүп кириши, билим берүү тармагындагы окутуунун технологияларын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын пайда кылды. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинде алгачкылардан болуп Ош МУда дистанттык технологиялар колдонула баштады. 2012-жылы биздин факултеттин адистиктери боюнча, дистанттык окууга студенттер кабыл алынган. Алар сырттан окуу бөлүмүнүн курамында болушкан. 2013-жылы Ош МУнун ректорунун буйругу менен факультетибизде дистаттык окуу бөлүмү түзүлгөн. Азыркы учурда аны ф.-м.и.к., доцент Чамашев Марат Какарович жетектейт.

Дистанттык бөлүм азыр жаңыдан телчигип келе жатат десек жаңылышпайбыз. Бул окуу жараяны боюнча угуучулар, убакыттын анык бир бөлүгүндө, өз алдынча интерактивдик режимде окуу-усулдук материалдарды өздөштүрүшөт, тест тапшырышат, текшерүү иштерин аткарышат. Дистанттык окууда угуучулар менен окутуучулар мейкиндик аркылуу бирибир менен ажыратылган, бирок алар атайын өзгөчө тартипте уюштурулган окуу курстары, текшерүү формалары, коммуникация усулдары боюнча AVN программасынын жардамында, электрондук почта менен жана башка тармактык технологиялар аркылуу тыгыз байланышта болушат.

Университеттин 1-курсуна кабыл алынган студент окутуучу үчүн алыстагы билим алуучу субъект болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир студент алгачкы күндөн баштап факультеттин деканаты тарабынан билим алууга керектүү окуу, окуу-усулдук жана окуу нормативдик документтер менен камсыздалат. Окуу жылынын башында мурда бекитилген график боюнча студенттер үчүн багыттоочу сессия уюштурулат. Багыттоочу сессия учурунда студент дистанттык окуу технологиясынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгат жана ошол эле убакта окутуучу менен Интернет аркылуу байланыш кандай ишке ашарын үйрөнүшөт.

Студенттерге окуу каражаттары жана билим берүү ресурстарын кандай пайдалануу керектиги тууралуу атайын окуу планга киргизилген предмет (Дистанттык билим берүүнүн негиздери) боюнча окутуучу 72 сааттык курс өтөт. Деканат тарабынан ар бир студентке окуу процессинин графиги, дистанттык сабактардын жадыбалы, окутулуучу предметтердин жумушчу программалары, электрондук окуу китептери, тесттик суроолору жана окутуучу менен байланыш үчүн пароль-логиндери берилет.

Окуу процессинин графиги боюнча ар бир семестрде студенттер үчүн 2 жолу аралыктан текшерүү уюштурулат. Бул учурда белгиленген убакта студент Интернет аркылуу окутуучу менен байланышып, студент окутуучуга кызыккан суроолорун берип жооп ала алат жана окутуучу аркылуу түзүлгөн тесттик суроолорго жооп берет. Студенттин туура берген жооптору балл менен туюнтулуп, маалымат системасында катталып калат. Семестрдин аягында график боюнча студенттер жыйынтыктоочу текшерүүдөн өтүшөт. Жыйынтыктоочу текшерүүнүн тесттик суроолоруна ийгиликтүү жооп берген студенттер сынактан өттү де эсептелип, баарына тиешелүү балл коюлат.