Тарыхы
Факультетте сырттан окуу бөлүмү “Математика" адистиги боюнча 1957-жылы Ош педагогикалык институт кезинде ачылган. 1962-жылы “Математика” адистигинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү аякташкан. Азыркы мезгилде факультеттин дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмүнүн 5 багыт жана 1 адистигинде 500 жакын студент билим алышууда.

Факультеттин дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмүнүн студенттеринин 60%га жакыны мамлекетибиздин түштүк регионунун мектептеринде, түрдүү мекеме-ишканаларында өз багыттары жана адистиктери боюнча ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

2007-жылдан баштап сырттан окуу бөлүмүн ф.-м.и.к., доцент М.К. Сагындыков жетектеген.

Заманбап технологиялардын адам баласынын жашоосуна аябай тереңдеп сүңгүп кириши, билим берүү тармагындагы окутуунун технологияларын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгын пайда кылды. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ичинде алгачкылардан болуп Ош МУда дистанттык технологиялар колдонула баштады. 2012-жылы биздин факултеттин адистиктери боюнча, дистанттык окууга студенттер кабыл алынган. Алар сырттан окуу бөлүмүнүн курамында болушкан.

2013-жылы ОшМУнун ректорунун буйругу менен факультетибизде дистанттык окуу бөлүмү түзүлүп аны ф.-м.и.к., доцент Чамашев Марат Какарович жетектеген. Дистанттык бөлүм азыр жаңыдан телчигип келе жатат десек жаңылышпайбыз. Бул окуу жараяны боюнча угуучулар, убакыттын анык бир бөлүгүндө, өз алдынча интерактивдик режимде окуу-усулдук материалдарды өздөштүрүшөт, тест тапшырышат, текшерүү иштерин аткарышат. Дистанттык окууда угуучулар менен окутуучулар мейкиндик аркылуу бирибир менен ажыратылган, бирок алар атайын өзгөчө тартипте уюштурулган окуу курстары, текшерүү формалары, коммуникация усулдары боюнча AVN программасынын жардамында, электрондук почта менен жана башка тармактык технологиялар аркылуу тыгыз байланышта болушат.

Университеттин 1-курсуна кабыл алынган студент окутуучу үчүн алыстагы билим алуучу субъект болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир студент алгачкы күндөн баштап факультеттин деканаты тарабынан билим алууга керектүү окуу, окуу-усулдук жана окуу нормативдик документтер менен камсыздалат. Окуу жылынын башында мурда бекитилген график боюнча студенттер үчүн багыттоочу сессия уюштурулат. Багыттоочу сессия учурунда студент дистанттык окуу технологиясынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып чыгат жана ошол эле убакта окутуучу менен Интернет аркылуу байланыш кандай ишке ашарын үйрөнүшөт.

Бүгүнкү күндө дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмүндө окутуунун сапатын жогорулатуу жана билимди баалоонун жаңы технологияларын колдонуу ийгиликтүү ишке ашырылууда. Окуу процессинде Интернет тармактары кеңири колдонулуп, аралык текшерүү, модулдар жана экзамендер толугу менен «AVN» ИС аркылуу алуу жөнгө салынган.

2017-2018-жылы күндүзгү жана дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмү биригип аны ф.-м.и.к., доцент А.К. Тойгонбаева жетектеген. Студенттерге окуу каражаттары жана билим берүү ресурстарын кандай пайдалануу керектиги тууралуу атайын окуу планга киргизилген предмет (Дистанттык билим берүүнүн негиздери) боюнча окутуучу 72 сааттык курс өтөт. Деканат тарабынан ар бир студентке окуу процессинин графиги, дистанттык сабактардын жадыбалы, окутулуучу предметтердин жумушчу программалары, электрондук окуу китептери, тесттик суроолору жана окутуучу менен байланыш үчүн пароль-логиндери берилет.

Окуу процессинин графиги боюнча ар бир семестрде студенттер үчүн 2 жолу аралыктан текшерүү уюштурулат. Бул учурда белгиленген убакта студент Интернет аркылуу окутуучу менен байланышып, студент окутуучуга кызыккан суроолорун берип жооп ала алат жана окутуучу аркылуу түзүлгөн тесттик суроолорго жооп берет. Студенттин туура берген жооптору балл менен туюнтулуп, маалымат системасында катталып калат. Семестрдин аягында график боюнча студенттер жыйынтыктоочу текшерүүдөн өтүшөт. Жыйынтыктоочу текшерүүнүн тесттик суроолоруна ийгиликтүү жооп берген студенттер сынактан өттү де эсептелип, баарына тиешелүү балл коюлат.

2018-жылдын 5-ноябрынан баштап күндүзгү жана дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмдөрүн тех.и.к., доцент А.Ж. Кудуев жетектеген. Факультетте ар бир тайпа үчүн кураторлор тарабынан тайпалардын базасы түзүлүп Off-Line жана Оn-Line байланыш аркылуу иштер жолго коюлуп баратат. Алар Off-Line: facebook, whatsapp, telegram, viber, одноклассник, imo, электрондук почта жана Оn-Line: Zoom, Duo платформалары аркылуу дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу бөлүмүндөгү студенттер менен байланыш күчөгөнүн баса белгилеп айтууга болот. Мындан сырткары Ош МУнун атайын иштелип чыккан дистанттык жана сырттан окуу бөлүмү үчүн de.oshsu.kg сайты иштеп келүүдө.

2021-жылдын 20-сентябрь айынан баштап факультеттин дистанттык жана сырттан окуу бөлүмүн факультеттин колдонмо информатика жана информациялык коопсуздук кафедрасынын окутуучусу Эсенбай уулу Сүйүнбек жетектеп келүүдө.