Өндүрүш менен байланыш
      Студенттерди адистиги боюнча даярдоо максатында өндүрүштүк практикалар Ош шаарындагы жана Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы бир топ мекемелердин жана ишканалардын базаларында өткөрүлөт. “Электр менен камсыздоо” жана “Электроэнергетика жана электротехника” адистиктери боюнча кадрларды даярдоого жана аларды ишке алууга кызыккан мекемелер жана ишканалар, мисалы, ОшПВЭС, АООТ “Ошэлектро”, ОшТЭЦ, ОшРЭТ, Жалал-АбадРЭТ, БаткенРЭТ, Кара-СууРЭТ, НоокатРЭТ, ӨзгөнРЭТ, ТоктогулГЭСтеринин каскады (Токтогул ГЭСи, Күрпсай ГЭСи) жана курулуп жаткан ГЭСтердин ишканасы (Үч-Коргон ГЭСи, Шамалды-Сай ГЭСи, Таш-Көмүр ГЭСи, Камбар-Ата-2 ГЭСи), ж.б. ишканалары менен өндүрүштүк практикаларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле жыл сайын Нарын дарыясындагы иштеп жаткан ГЭСтерге, Ош шаарындагы электроэнергетика тармагындагы ишканаларга университет тарабынан окуу-таанышуу экскурсиялары уюштурулуп турат.
Токтогул ГЭСинде экскурсия учурунда
Оштогу жылуулук электр борборунда экскурсия учурунда
Токтогул ГЭСиндеги ОРУ 500 кВ бөлүштүрүүчү подстанциясы
Курпсай ГЭСинде экскурсия учурунда

      Студенттердин өндүрүштүк практикаларын эффективдүү уюштуруу максатында практиканын алдында инструктаждык кеңешме өткөрүлөт, университеттен жана ишканалардан тажрыйбалуу адистерден жетекчилер бекитилет, практика аяктагандан кийин кафедрада жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлөт. Мында өндүрүштөн практиканттарга берилген мүнөздөмөлөр, ар бир практиканттын жасаган иштери боюнча өздүк отчеттору талкууланып, жыйынтыктоочу баасы коюлат.