Мероприятиялар

"Жаңы-жыл-2019" жогорку деңгээлде өттү

2018-жылдын 21-декабрында Искусство факультетинин студенттеринин “Жаңы-жыл-2019” майрамдык кечеси өткөрүлдү. Бул кечеде жарым жылдыктын жыйынтыгынын негизинде окууда жана коомдук иштерде активдүүлүгүн көрсөткөн факультеттин алдыңкы кураторлору жана студенттери деканат тарабынан дипломдор менен сыйланып, факультеттин профсоюз уюму тарабынан баалуу белектер тапшырылды. Кече студенттер тарабынан даярдалган майрамдык концерт, кызыктуу оюндар менен уланды.

КРнын депутаты Жанар Акаев искусство факультетинде конокто болду

Роза Исаковна Отунбаева факультетибизге келип, таанышып кайтты

КР экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева ОшМУнун Искусство факультетинин жаңы имараты менен таанышып, окутуучу жана студенттер менен жолугушуу учурунан көз ирмемдер.

Искусство факультетинин жаңы имаратынын ачылышы

2018-жылдын 16-августунда ОшМУнун искусство факультетинин жаңы окуу имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков, билим берүү министри Гулмира Кудайбердиева, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, университеттин ректору Исаков Каныбек, университеттин профессорлору, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Аземди мамлекет башчысы куттуктоо сөзү менен ачып берди.

ОшМУнун Р.Абдыкадыров атындагы таланттар академиясынын директору жана искусство факультетинин “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын жаш окутуучусу Жалалов Эламан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды.

2018-жылдын 25-апрель күнү КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Салттуу музыка жумалыгынын” алкагындагы кароо-сынакта аваздык-аспапчылык багыт боюнча I орунду ээлегендиги үчүн ОшМУнун Р.Абдыкадыров атындагы таланттар академиясынын директору жана искусство факультетинин “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын жаш окутуучусу Жалалов Эламан “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланды. Жаш окутуучубуздун сыйлыгын куттуктап, ага үй-бүлөлүк тынчтык жана мындан аркы иштерине да чоң-чоң ийгиликтерди кааламакчыбыз.

“Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын доценти А.Кожомжаров I даражадагы диплом менен сыйланды

2018-жылдын февраль айынын башында университетибизде илимий эмгектер боюнча өткөрүлгөн “Мыкты окуу-усулдук колдонмо - 2017” сынагынын жыйынтыгы боюнча “Ак тилек” аттуу ырлар жыйнагы окуу колдонмосу үчүн “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын доценти А.Кожомжаров I даражадагы диплом менен сыйланды.

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 21-февраль күнү искусство факультетинде кароо-сынак болуп өттү

Мектептер менен искусство факультетинин байланыштарын чыңдоо жана өнүктүрүү максатында Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата 21-февраль күнү искусство факультетинин концерттик залында “Жүрөгүмдө Кыргызстан” аттуу музыкалык-патриоттук ырларды аткаруу боюнча шаардагы мектеп окуучулары арасында кароо-сынак болуп өттү. Бул иш-чарага ОшМУнун тарбия иштери боюнча проректору Т.Колдошев, Ош шаарындагы билим берүү башкармалыгынын начальниги А.Р.Асанов, Ош шаарындагы маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Каримов, факультеттин окутуучулар жамааты, конкурска катышкан шаардагы мектептерден келген мугалимдер ж.б. катышышты. Конкурс жакшы деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр грамоталар менен сыйланды.

2018-окуу жылынын январь айында университетибизде спорт оюндары боюнча факультеттер аралык турнир болуп өттү

Жыл жаңыраары менен эле университетибизде спорт оюндары боюнча факультеттер аралык турнир болуп өттү. Турнир январь айынын 11-12-13-күндөрү уюштурулуп, мырзалар үчүн табият таануу факультетинин спорттук залында футбол оюну ойнотулса, ал эми айымдар үчүн педагогика дене тарбия факультетинин спорттук залында волейбол оюну ойнотулду. Факультеттин оюнчулар курамында биздин кафедранын да агай-эжекелери катышышып, алдыңкы орундарды ээлешти. Валейбол оюну боюнча агайыбыз М.Осмоналиев “Мыкты оюнчу” деген грамотага ээ болду.




















Ушул жылдын 31-май күнү “Конфуций” атындагы кыргыз-кытай институтунун ачылуу аземи болду

Ушул жылдын 31-май күнү “Конфуций” атындагы кыргыз-кытай институтунун ачылуу аземинде жана аталган окуу жайдын отчеттук концертинде искусство факультетинин доценти Б.Абдувалиев жетектеген “Салтанат” фольклордук ансамбли өзүнүн репертуары менен катышты.









2017-жылдын 15-18-май күндөрү борборубузда университеттер аралык

“Ала-Тоо Жазы - 2017” фестивалы болуп өттү

2017-жылдын 15-18-май күндөрү борборубузда университеттер аралык “Ала-Тоо Жазы - 2017” фестивалы болуп өттү. Мында ОшМУнун атынан искусство факультетинин доценти Б.Абдувалиев жетектеген “Салтанат” фольклордук ансамбли катышып, ОшМУ 2-орунга ээ болуп кайтышты.









Искусство факультетинин профессору , КРнын эл артисти

Ж . Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү

Ушул жылдын 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраев атындагы Кыргыз драма театрында белгилүү обончу, дастанчы, аткаруучу, дастанчы Ж.Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү. Мааракеге КР премьер министрдин өкүлү, Ош шаарынын облакимияты, Ош, Жалал-абад, Өзгөн шаарларынын административдик жамааттары жана ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков баштаган ректорат жана деканаттардын жамааты толугу менен катышты. Андан сырткары академик Б.Мурзуибраимов, Ж.Сатыбалдиев ж.б. мейман болушту. Ж.Алыбаевдин ырлары ырдалды жана куттуктоо сөздөрү айтылды. Бул мааракени башынан аягына чейин колдоо көрсөтүп, материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн ректорубуз Исаков Каныбек Абдуваситовичке терең ыраазычылык билдиребиз.

Таланттуу кызыбыздын тушоо кесүү концерти

болуп өттү

Өткөн аптанын жума күнү, тагыраак айтканда 2017-жылдын 12-май күнү искусство факультетинин музыкалык искусство адистигинин 3-курсунун студенти Тажибай кызы Мунира алгачкы өзүнүн тушоо кесүү концертин берди. Концерт искусство факультетинин концерттик залында болуп, ага университеттин тарбия иштери департаментинин директору Т.Колдошев, белгилүү обончу, аткаруучу Ж.Алибаев, факультетибиздин бир катар окутуучулары жана студенттер катышышты.Концерт жогорку деңгээлде болуп өттү.

























Быйыл 2016-окуу жылынын башынан факультетте “ Тарых жана маданият” жылына карата илимий-чыгармачылык багытта бир катар иш чаралар өтүлдү.

Март айында ”Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын доценти Б.Абдувалиев Баткен шаарындагы “Жаз фестивалына” өзүнүн “Салтанат” фольклордук тобунун концерттик программасы менен катышып келди.

30-март күнү кафедранын вокал, аккордеон, фортепиано, комуз секциялары боюнча белгилүү дүйнөлүк классикалык, орус, кыргыз жана чет элдик композиторлордун чыгармаларынан студенттердин катышуусунда концерттик программа өткөрүлдү.

6-апрелде «Илим жана искусство» жумалыгынын ачылышы болуп өттү. Анда “Эстраданын музыкалык искусствосу” даярдоо багыты боюнча отчеттук концерттик программа өткөрүлдү. Концертте эстрада адистиги боюнча окутуучулар Ж. Мойдунов, И.Бакиров, Көчкөнбай кызы Гулида жана 1-2-3-курстун эстрада тайпаларынын студенттери кыргыз, орус жана дүйнөлүк эстрадалык музыкалык чыгармаларды аткарышты. Концерт жогорку деңгээлде өткөрүлдү.










Ошондой эле 2016-жылдын 8-апрелинде искусство факультетинин “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын окутуучусу Жалалов Эламандын чыгармачылык отчеттук концерти тартууланды. Бул концертте окутуучу вокалдык ырдоо боюнча классикалык чыгармаларды ырдап, аккордеон аспабы менен чыгармаларды жана фольклордук ансамблдин коштоосунда музыкалык чыгармаларды жогорку деңгээлде аткарды.








Ушул эле жылы искусство факультетин бүтүргөн белгилүү бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу кечесин Ош МУнун карьера борборунун жетекчиси М.Алтыбаева жана искусство факультетинин деканы К.А.Курбанбаев ачып берди. Кеченин коноктору Т.Назаров, Н.Сарыкова, Ж.Райымжан кызы жана А.Кулбаевалар студенттер менен суроо-жооп иретинде маектешишти. Жолугушуу искусство факультетинин студенттеринен түзүлгөн чакан концерт менен аяктады.








Ал эми 2016-жылдын 26-апрелинде Ош МУнун жыйындар залында белгилүү обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына карата “Ырда, талба Рыспай!” аттуу илимий-чыгармачылык конференция жана концерттик программа өткөрүлдү.