Мероприятии

Стейкхолдерлер менен тегерек столдогу дил майек.

21-май куну искусство факультетинде стейкхолдерлер менен тегерек стол иш чарасы откорулду. Бул иш чарада ош областы боюнча, райондордон 17 мектеп директорлору жана музыка мугалимдери катышышты. Негизи бул иш чарада музыка мугалиминин компетентуулугун калыптандыруудагы жетишкен жана жетишпеген койгой маселелер боюнча тегерек столдо талкууланып стейкхолдерлер интервьюга жана анкетага жооп беришти. Бул иш чараны "Музыкалык тарбиялоо усулу, теориясы жана хор дирижерлоо" "Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо" кафедралары уюштурушту.

Университеттин “Көп тилдүүлүк” жана аккредитация боюнча программаларына ылайык январь айынын 11инен 26сына чейин орус тили боюнча 72 сааттык курска кафедранын лаборанты Г.Дуйшонбаева катышып келди.










Ал эми 18-январдан 27-январга чейин аккредитация боюнча болуп өткөн семинарга кафедранын жаш окутуучулары Н.Кутубаева, К.Каримова жана А.Нурбаевдер катышышты.












Искусство факультетинин концерттик залында “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасы “Музыкалык тарбиялоонун теориясы, усулу жана хорду дирижерлөө” кафедрасы менен биргеликте 18-январь күнү семинар өткөрүштү

2018-жылдын 18-январь күнү факультетибиздин концерттик залында январь айында өткөрүлүүчү иш-пландын негизинде “Мектепте эмгектенип жаткан музыка мугалимдеринин адистик даярдыгы жана билим берүү натыйжалары” аттуу темада семинар болуп өттү. Семинарга университеттин окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлү Т.Досмуратов, Ош МУнун ПББӨБнун директору А.Батыралиев, Ош шаарындагы музыка мугалимдеринин методисти, “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун музыка мугалими Ч.Мурзакулова, Ош шаарындагы мектептерде жана бала бакчаларда иштеген музыка мугалимдери, искусство факультетинин бүтүрүүчүлөрү ж.б. меймандар келишти. Мындан сырткары факультетибиздин деканы, т.и.к., доцент Н.Маразыков, “Музыкалык тарбиялоонун теориясы, усулу жана хорду дирижерлөө” каферасынын башчысы А.Боронбаев, “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын башчысы Ж.Мойдунов жана кафедранын окутуучулар жамааты катышышты. Семинарда бир катар маселелер талкууланып, натыйжада мындан ары бала бакчада, мектепте эмгектенген музыка мугалимдери факультеттин окутуучулары менен тыгыз байланышта болуп, көптөгөн иш-чараларды биргеликте факультетте өткөрүүнү пландашты.



































2018-окуу жылынын январь айында университетибизде спорт оюндары боюнча факультеттер аралык турнир болуп өттү

Жыл жаңыраары менен эле университетибизде спорт оюндары боюнча факультеттер аралык турнир болуп өттү. Турнир январь айынын 11-12-13-күндөрү уюштурулуп, мырзалар үчүн табият таануу факультетинин спорттук залында футбол оюну ойнотулса, ал эми айымдар үчүн педагогика дене тарбия факультетинин спорттук залында волейбол оюну ойнотулду. Факультеттин оюнчулар курамында биздин кафедранын да агай-эжекелери катышышып, алдыңкы орундарды ээлешти. Валейбол оюну боюнча агайыбыз М.Осмоналиев “Мыкты оюнчу” деген грамотага ээ болду.




















Ушул жылдын 31-май күнү “Конфуций” атындагы кыргыз-кытай институтунун ачылуу аземи болду

Ушул жылдын 31-май күнү “Конфуций” атындагы кыргыз-кытай институтунун ачылуу аземинде жана аталган окуу жайдын отчеттук концертинде искусство факультетинин доценти Б.Абдувалиев жетектеген “Салтанат” фольклордук ансамбли өзүнүн репертуары менен катышты.









2017-жылдын 15-18-май күндөрү борборубузда университеттер аралык

“Ала-Тоо Жазы - 2017” фестивалы болуп өттү

2017-жылдын 15-18-май күндөрү борборубузда университеттер аралык “Ала-Тоо Жазы - 2017” фестивалы болуп өттү. Мында ОшМУнун атынан искусство факультетинин доценти Б.Абдувалиев жетектеген “Салтанат” фольклордук ансамбли катышып, ОшМУ 2-орунга ээ болуп кайтышты.









Искусство факультетинин профессору , КРнын эл артисти

Ж . Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү

Ушул жылдын 19-майда Ош шаарындагы С.Ибраев атындагы Кыргыз драма театрында белгилүү обончу, дастанчы, аткаруучу, дастанчы Ж.Алыбаевдин 70 жылдык мааракеси болуп өттү. Мааракеге КР премьер министрдин өкүлү, Ош шаарынын облакимияты, Ош, Жалал-абад, Өзгөн шаарларынын административдик жамааттары жана ОшМУнун ректору, профессор К.Исаков баштаган ректорат жана деканаттардын жамааты толугу менен катышты. Андан сырткары академик Б.Мурзуибраимов, Ж.Сатыбалдиев ж.б. мейман болушту. Ж.Алыбаевдин ырлары ырдалды жана куттуктоо сөздөрү айтылды. Бул мааракени башынан аягына чейин колдоо көрсөтүп, материалдык жана моралдык жактан көмөк көрсөткөндүгү үчүн ректорубуз Исаков Каныбек Абдуваситовичке терең ыраазычылык билдиребиз.

Таланттуу кызыбыздын тушоо кесүү концерти

болуп өттү

Өткөн аптанын жума күнү, тагыраак айтканда 2017-жылдын 12-май күнү искусство факультетинин музыкалык искусство адистигинин 3-курсунун студенти Тажибай кызы Мунира алгачкы өзүнүн тушоо кесүү концертин берди. Концерт искусство факультетинин концерттик залында болуп, ага университеттин тарбия иштери департаментинин директору Т.Колдошев, белгилүү обончу, аткаруучу Ж.Алибаев, факультетибиздин бир катар окутуучулары жана студенттер катышышты.Концерт жогорку деңгээлде болуп өттү.

























Быйыл 2016-окуу жылынын башынан факультетте “ Тарых жана маданият” жылына карата илимий-чыгармачылык багытта бир катар иш чаралар өтүлдү.

Март айында ”Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын доценти Б.Абдувалиев Баткен шаарындагы “Жаз фестивалына” өзүнүн “Салтанат” фольклордук тобунун концерттик программасы менен катышып келди.

30-март күнү кафедранын вокал, аккордеон, фортепиано, комуз секциялары боюнча белгилүү дүйнөлүк классикалык, орус, кыргыз жана чет элдик композиторлордун чыгармаларынан студенттердин катышуусунда концерттик программа өткөрүлдү.

6-апрелде «Илим жана искусство» жумалыгынын ачылышы болуп өттү. Анда “Эстраданын музыкалык искусствосу” даярдоо багыты боюнча отчеттук концерттик программа өткөрүлдү. Концертте эстрада адистиги боюнча окутуучулар Ж. Мойдунов, И.Бакиров, Көчкөнбай кызы Гулида жана 1-2-3-курстун эстрада тайпаларынын студенттери кыргыз, орус жана дүйнөлүк эстрадалык музыкалык чыгармаларды аткарышты. Концерт жогорку деңгээлде өткөрүлдү.










Ошондой эле 2016-жылдын 8-апрелинде искусство факультетинин “Элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо” кафедрасынын окутуучусу Жалалов Эламандын чыгармачылык отчеттук концерти тартууланды. Бул концертте окутуучу вокалдык ырдоо боюнча классикалык чыгармаларды ырдап, аккордеон аспабы менен чыгармаларды жана фольклордук ансамблдин коштоосунда музыкалык чыгармаларды жогорку деңгээлде аткарды.








Ушул эле жылы искусство факультетин бүтүргөн белгилүү бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу кечесин Ош МУнун карьера борборунун жетекчиси М.Алтыбаева жана искусство факультетинин деканы К.А.Курбанбаев ачып берди. Кеченин коноктору Т.Назаров, Н.Сарыкова, Ж.Райымжан кызы жана А.Кулбаевалар студенттер менен суроо-жооп иретинде маектешишти. Жолугушуу искусство факультетинин студенттеринен түзүлгөн чакан концерт менен аяктады.








Ал эми 2016-жылдын 26-апрелинде Ош МУнун жыйындар залында белгилүү обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун 75 жылдыгына карата “Ырда, талба Рыспай!” аттуу илимий-чыгармачылык конференция жана концерттик программа өткөрүлдү.