Международные связи

Эл аралык байланыштар

2016-жылдын 1-июнунда болгон II Дүйнөлук Көчмөндөр оюндарынын алкагында, Ош шаарында уюштурулган Кыргызстанда алгачкы ирет I-Эл аралык “Этномаданият” фестивалын өткөрүүгө салымын кошкондугу учун искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын профессору Кадырбаева Т.Т. Ардак грамота менен,Турдубаева З. диплом менен ,Кушбакова А.Сулайманова З.Ыраазычылык кат, Уруксатбек кызы Ж. диплом менен сыйланышкан. Студенттердин арасынан Абдулхаким кызы А. Акбаралиева К. Хашымжанова Ш,Сатвалдиева Н.Шеранова Т.Бакирова К.Режапова Ж. диплом жана ыраазычылык каттар менен сыйланышкан. КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордун жаш сүрөтчү студенттердин эл аралык форумуна катышкандыгы үчүн искусство факультетинин ХС-1-13 тайпасынын студенти Эгемберди кызы Ырыскан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин Сертификаты менен сыйланды. КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордун жаш сүрөтчү студенттердин эл аралык форумуна (устат катары) катышкандыгы үчүн искусство факультетинин профессору Кадырбаева Т.Т.Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин Сертификаты менен сыйланды. II-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Саркеч кийимдер” тобун жетектеп жана I-орунду ээлегендиги үчүн Ош шаарынын мэринин Диплому менен жана ЮСАИД жана Музей инициативасынын сертификаты менен Кадырбаева Т.Т. сыйланган. Искусство факультетинин эки окутуучусу Маматурдиева Р.жана Уруксатбек кызы Ж. Теология факультетинде (TOMMER) түрк тилин окуп үйрөнүшүп сертификатка ээ болушту. Азыркы күндө факультетте 17 студент кытай тилдерин окуп үйрөнүшүп кытай эл республикасына окууга жолдомо алууга даярданышып жатышат.Искусство факультетинин окутуучусу Кенешова Н. Кытай эл республикасында магистратурада 2-курста окуп билимин улантууда. __________________________________________________________________________________________________________________ 2017-2018-окуу жылынын жазгы семестиринде “ЖОЖдораралыкмобилдүүлүктүактивдештирүү” максатында 3-курстун Дизайн адистиктеринин студенттери Имариадыл кызы Дилфуза, Мухамедалы кызы Айканыш жана Токтогул кызы Алиса Бишкек шаарындагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин (КМКТАУ) Архитектура жана дизайн факультетине окууларын улантышууда. С. Нааматова атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультетинин 1 курсунун студентери Жолочиев Элдияр, Бактыбек кызы Айдай, Бейшебаева Нурзада студенттери искусство факультетинин дизайн адистигинде окууларын улантышууда. Мевлана Алмашуу Программасы 2011-жылы 23-августта 28034 номерлүү Расмий Газетада жарыяланган жобого ылайык чет өлкөдөгү жана Туркиядагы жогорку окуу жайлары арасында студент жана окутуучуларды алмашуу программасы башталган. Мевлана Алмашуу программасынын алкагында ХС-1-17 тайпасынын студенти Нурмаматова Назира Эргешовна Туркиядагы жогорку окуу жайларынын бирине 2018-2019- окуу жылынын күзгү семестиринде окуп келүүгө даярданууда. “Сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын” окутуучусу Кенешова Назгүл Кытай эл республикасынын Синьцян педагогикалык университетинде магистратурада 3-курста окуп жатат.