Международные связи
2016-жылдын 1-июнунда болгон II Дүйнөлук Көчмөндөр оюндарынын алкагында, Ош шаарында уюштурулган Кыргызстанда алгачкы ирет I-Эл аралык “Этномаданият” фестивалын өткөрүүгө салымын кошкондугу учун искусство факультетинин сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын профессору Кадырбаева Т.Т. Ардак грамота менен,Турдубаева З. диплом менен ,Кушбакова А.Сулайманова З.Ыраазычылык кат, Уруксатбек кызы Ж. диплом менен сыйланышкан. Студенттердин арасынан Абдулхаким кызы А. Акбаралиева К. Хашымжанова Ш,Сатвалдиева Н.Шеранова Т.Бакирова К.Режапова Ж. диплом жана ыраазычылык каттар менен сыйланышкан. КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордун жаш сүрөтчү студенттердин эл аралык форумуна катышкандыгы үчүн искусство факультетинин ХС-1-13 тайпасынын студенти Эгемберди кызы Ырыскан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин Сертификаты менен сыйланды. КМШ өлкөлөрүндөгү ЖОЖдордун жаш сүрөтчү студенттердин эл аралык форумуна (устат катары) катышкандыгы үчүн искусство факультетинин профессору Кадырбаева Т.Т.Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин Сертификаты менен сыйланды. II-дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Саркеч кийимдер” тобун жетектеп жана I-орунду ээлегендиги үчүн Ош шаарынын мэринин Диплому менен жана ЮСАИД жана Музей инициативасынын сертификаты менен Кадырбаева Т.Т. сыйланган. Искусство факультетинин эки окутуучусу Маматурдиева Р.жана Уруксатбек кызы Ж. Теология факультетинде (TOMMER) түрк тилин окуп үйрөнүшүп сертификатка ээ болушту. Азыркы күндө факультетте 17 студент кытай тилдерин окуп үйрөнүшүп кытай эл республикасына окууга жолдомо алууга даярданышып жатышат.Искусство факультетинин окутуучусу Кенешова Н. Кытай эл республикасында магистратурада 2-курста окуп билимин улантууда.