11:09 22-02   ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди        10:18 22-02   КММАда уюштурулган микробиология, вирусология жана иммунология предмети боюнча олимпиада медицина факультетинин “MicroMed” командасы III орунду ээледи.       10:06 22-02   the International Mother Language Day!       19:46 21-02   2       19:45 21-02    “Мамлекеттик тил – достуктун тиреги” аталышындагы тегерек стол болуп отту.       16:25 21-02   Социалдык клиниканын миссиясы жана баалуулуктары       14:54 21-02   ТТГФнин кезектеги Окумуштуулар кенешмеси       10:04 21-02   Профессордук-окутуучулук жамаат үчүн жигердүү иштешине стимул болот.       09:57 21-02   ФЮКда кесипке багыт беруу ишине үгүт иштерин жүргүзүү       09:38 21-02   Communicative English teaching” аттуу семинар болуп өттү.     


You are here: Educational activities / Institutes / Humanitarian Institute Arashan

Humanitarian Institute Arashan

Information stand
Тарыхы

АГИде Мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү 2014-жылдын 4-декабрында АГИнин Дин таануу факультетинин конференция залында мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин деканы, дин таануу.и.д., доцент, С. Базаркулов, окуу иштери боюнча декандын орун басары доцент А. Эрматов, Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова жана дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбеков, жалпы окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Конференцияда алгач 5-курстардын педагогикалык практикасынын өткөрүү абалы боюнча слайт-шоу көрсөтүлдү. Студенттер кезеги менен педпрактика учурунда өткөргөн сабактары боюнча презентация жасашып, факультеттин башка студенттерине өзгөчө таасир калтырышты. Конференциянын жүрүшүндө негизинен педагогикалык практика учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу маселелер көтөрүлдү. Мамлекеттик педагогикалык практикага арналган жыйынтыктоочу конференциянын аягында факультеттин Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова сөз сүйлөп, практиканын студенттер үчүн маанисин баса белгиледи. Ошону менен бирге, аларга ийгилик каалап өттү. Факультеттин деканы, доцент, доктор С. Базаркулов мамлекеттик практиканын студенттер үчүн мааниси зор экенин, дин таануучу адистердин ар тараптуу билимге жана маалыматтарга ээ болуп, учурдун талабына жараша өнүгүү керектигин айтып өттү. Ошону менен бирге, билим алуу сабак окуу менен гана чектелбей турганын, адамдык сапаттардын калыптанышы да, турмушта зарыл боло турган көндүмдөргө ээ болуу да, мына ушул мезгил ичинде боло тургандыгын жалпы студенттерге кайрылып айтып өттү. Соңунда илимий-усулдук кемчиликтер жана сунуштар тиешелүү жактарга айтылып, мындан кийинки курстардын практикасын уюштурууда эске алуу жүктөлдү. АГИде «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара өттү 25-февраль шаршемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Чүй областтык башкармалыгы, Аламүдүн райондук бөлүмү жана эл аралык «Y-PEER» коому менен бирге жаштарды адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого, улууларды урматтоого тарбиялоо максатында «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара уюштурду. Бул иш чарада атайын сценкалар коюлду жана кудалашуу, үйлөнүү, той өткөрүү жана андагы ысырапчылык, ата баланын ортосундагы түшүнбөстүктөр, ар кандай социалдык абалдагы адамдардын арасындагы түшүнбөстүктөр жана башка турмуштук маселелер, көрүнүштөр аркылуу чагылдырылып, студенттердин ой пикирлери жана көз караштары талкууланды.

               



Факультеты



© 2014 OSH STATE UNIVERSITY © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com