15:37 06-12   Равшанбек Момунов 9-декабрь күнү “Ыйлаба, ыйлабачы булуттарым” аттуу тушоо кесүү концертин тартуулайт       14:56 06-12   Студенттер кайрымдуулук акциясын уюштурушту       12:56 06-12    Ош МУнун Эл аралык медицина факультетинин 1-курстун студенттерин “Кабыл алуу” аземи өткөрүлдү       12:48 06-12    Ош МУнун эл аралык медицина факультетинин Жаштар комитетинин төрагасынын шайлоосу өткөрүлдү       11:48 06-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинде окутуу программасынын сапаты жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары талкууланат       10:51 06-12   5-декабрь, 2016-жыл. Тарых факультетинде тегерек стол болуп өттү.       10:48 06-12   Эл аралык мамилелер факультетинин жамааты аккредитацияга даярдык көрүү боюнча семинар-тренингге катышты       10:34 06-12   Магистранттардын кабыл алуу аземи жана “Илим фестивалы” өткөрүлдү       18:16 05-12   КР дагы 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум-конституциялык реформанын негиздери       18:09 05-12    Конституциялык реформа     


Вы здесь: Университет / Институты / Гуманитарный институт Арашан

Гуманитарный институт Арашан

Информационный стенд
Тарыхы

АГИде Мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү 2014-жылдын 4-декабрында АГИнин Дин таануу факультетинин конференция залында мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин деканы, дин таануу.и.д., доцент, С. Базаркулов, окуу иштери боюнча декандын орун басары доцент А. Эрматов, Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова жана дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбеков, жалпы окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Конференцияда алгач 5-курстардын педагогикалык практикасынын өткөрүү абалы боюнча слайт-шоу көрсөтүлдү. Студенттер кезеги менен педпрактика учурунда өткөргөн сабактары боюнча презентация жасашып, факультеттин башка студенттерине өзгөчө таасир калтырышты. Конференциянын жүрүшүндө негизинен педагогикалык практика учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу маселелер көтөрүлдү. Мамлекеттик педагогикалык практикага арналган жыйынтыктоочу конференциянын аягында факультеттин Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова сөз сүйлөп, практиканын студенттер үчүн маанисин баса белгиледи. Ошону менен бирге, аларга ийгилик каалап өттү. Факультеттин деканы, доцент, доктор С. Базаркулов мамлекеттик практиканын студенттер үчүн мааниси зор экенин, дин таануучу адистердин ар тараптуу билимге жана маалыматтарга ээ болуп, учурдун талабына жараша өнүгүү керектигин айтып өттү. Ошону менен бирге, билим алуу сабак окуу менен гана чектелбей турганын, адамдык сапаттардын калыптанышы да, турмушта зарыл боло турган көндүмдөргө ээ болуу да, мына ушул мезгил ичинде боло тургандыгын жалпы студенттерге кайрылып айтып өттү. Соңунда илимий-усулдук кемчиликтер жана сунуштар тиешелүү жактарга айтылып, мындан кийинки курстардын практикасын уюштурууда эске алуу жүктөлдү. АГИде «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара өттү 25-февраль шаршемби күнү Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Чүй областтык башкармалыгы, Аламүдүн райондук бөлүмү жана эл аралык «Y-PEER» коому менен бирге жаштарды адептүүлүккө, ата-энени сыйлоого, улууларды урматтоого тарбиялоо максатында «Муундар арасындагы конфликт» аттуу маданий иш чара уюштурду. Бул иш чарада атайын сценкалар коюлду жана кудалашуу, үйлөнүү, той өткөрүү жана андагы ысырапчылык, ата баланын ортосундагы түшүнбөстүктөр, ар кандай социалдык абалдагы адамдардын арасындагы түшүнбөстүктөр жана башка турмуштук маселелер, көрүнүштөр аркылуу чагылдырылып, студенттердин ой пикирлери жана көз караштары талкууланды.

               



Факультеты



© 2014 ОШСКИЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ УНИВЕРСИТЕТ © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com