21:46 08-12   Методический семинар на факультете "Бизнес и менеджмент"        21:12 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин окутуучулары Биф-2016да       20:48 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы студенттер менен жолугушууда       20:37 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин кунумдук турмушу       15:53 08-12   №1"Туран" аймактык кенеши       15:46 08-12   КР дагы 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум-конституциялык реформанын негиздери       14:49 08-12   "Үмүт" телестудиясы. Жума ичиндеги жаңылыктар. 60-эфир       11:56 08-12    Representatives of the Turkish university of Ahmet Yassavi in the Faculty of Theology       11:03 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультети СПИДге каршы волейбол боюнча турнир өткөрдү       10:14 08-12   Студенттер аймак таануу, кесипке багыт берүү иш чараларынын алкагында Н.Исанов айыл өкмөтүндө болуп кайтышты     


You are here: University / Faculties / Historical faculty

Historical faculty

Information stand
История
Деканат
Факультеттин структурасы
Жаштар комитети
Кафедралар
Фото Галерея
Куттуктоолор
Магистратура
Факультеттин паспорту
Илим изилдөө жана эл аралык байланыштар
Тарбиялык иштер
Практика иштери
Окуу-усулдук кеңеш

      Учурда Тарых факультети жогорку квалификациялуу тарыхчы адистерин даярдоочу окуу-усулдук жана илимий-педагогикалык борбор. Анын тарыхы Ош мамлекеттик университетинин тарыхы менен бирге башталган. 1939-жылы Ош шаарында Мугалимдер институту ачылганда, анын курамында тарых адистиги да болгон. 1964-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында тарых адистиги өз алдынча факультет болуп түзүлгөн. Тарых факультети 1969-жылга чейин иштеген. Ал мезгилде факультеттин деканы болуп, өз кесибине берилген жогорку профессионалдуу окутуучулар: Д. Энемназаров, К. Камчыбеков, Н. Чинетова жана Б. Алтымышбаевдер эмгектенишкен.
      1969-ж. Саясий пикир келишпөөчүлүктөн улам, тарых факультети жабылып, студенттер Кыргыз мамлекеттик Университетине которулушкан. 1985-ж. ОМПИнин филология факультетинин курамында тарых бөлүмү ачылып, иштей баштаган. 1988-ж. Тарых бөлүмү өз алдынча факультет болуп түзүлгөн жана анын курамында “Жалпы тарых” жана “Кыргызтандын тарыхы” кафедралары иштеп турган. 1997-ж. “Археология жана этнология” кафедрасы ачылган. Бул аралыкта факультетти т.и.к., доцент Т. Кененсариев, ф.и.д., профессор Ш. Базарбаев, т.и.д., профессор У. Чотонов жана т.и.к., доцент Т. Кадыровдор жетектешкен.
      2006-2008-жж. тарых адистиги тарых-философия, ал эми 2008-2014-жж. тарых-юридика факультетинин курамында болуп келген. Бул жылдары аталган факульттеттердин декандык кызматын т.и.к., доцент Ж. Адильбаев, ю.и.к., доцент Э. Токторов, ю.и.д., профессор Г. Кулдышевалар аркалап келишти.
ОшМУнун ректорунун 2014-жылдын 5-сентябрындагы буйругунун негизинде Тарых-юридика факультети өз алдынча эки: тарых жана юридика факультеттери болуп түзүлдү. Азыркы күндө тарых факультетинде тарыхчы адистерди даярдоо социалдык-экономикалык билим берүү багытында “Бакалавр” программасы боюнча (окуу мөөнтү 4 жыл) жүргүзүлөт. 2014-15-окуу жылында факультетте магистратура бөлүмү ачылган (окуу мөөнөтү 2 жыл). Магистратура бөлүмүнө окшош адистиктеги жогорку билимдүү жана бакалавр академиялык даражасына ээ атуулдар тапшыра алышат. Магистратураны ийгиликтүү аяктаган магистранттар Социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча "Магистр" академиялык даражасына ээ болушат. Факультеттин окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштерин эки: “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу”(кафедра башчысы профессор Т. Кадыров), “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” (кафедра башчысы доцент Ө. Ташмаматов)кафедраларынын профессордук-окутуучулук жамааты алып барышат. Факультетте тарых музейи, интернет түйүнүнө туташтырылган 2 компьютердик класс(студенттер интернет кызматын акысыз пайдаланышат), заманбап китепкана, окуу залы, студенттик ашкана иштейт.
      Факультетти тарых илим. канд., доцент Смадияров Сыдык Акунович жетектейт.

               



Факультеты



© 2014 OSH STATE UNIVERSITY © Программное обеспечение ОшГУ "Медиа Центр
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com