11:09 22-02    ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди        10:18 22-02   КММАда уюштурулган микробиология, вирусология жана иммунология предмети боюнча олимпиада медицина факультетинин “MicroMed” командасы III орунду ээледи.       10:06 22-02   the International Mother Language Day!       19:46 21-02   2       19:45 21-02    “Мамлекеттик тил – достуктун тиреги” аталышындагы тегерек стол болуп отту.       16:25 21-02   Социалдык клиниканын миссиясы жана баалуулуктары       14:54 21-02   ТТГФнин кезектеги Окумуштуулар кенешмеси       10:04 21-02   Профессордук-окутуучулук жамаат үчүн жигердүү иштешине стимул болот.       09:57 21-02   ФЮКда кесипке багыт беруу ишине үгүт иштерин жүргүзүү       09:38 21-02   Communicative English teaching” аттуу семинар болуп өттү.     


Сиз бул жердесиз: Билим берүү ишмердүүлүгү / Факультеттер / Тарых факультети

Тарых факультети

Маалымат тактайчасы
Цели, миссия, задачи и история
Факультеттин структурасы
Жаштар комитети
Кафедралар
Фото Галерея
Куттуктоолор
Магистратура
Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы
Илим изилдөө жана эл аралык байланыштар
Тарбиялык иштер
Практика иштери
Окуу-усулдук кеңеш










      Учурда Тарых факультети жогорку квалификациялуу тарыхчы адистерин даярдоочу окуу-усулдук жана илимий-педагогикалык борбор. Анын тарыхы Ош мамлекеттик университетинин тарыхы менен бирге башталган. 1939-жылы Ош шаарында Мугалимдер институту ачылганда, анын курамында тарых адистиги да болгон. 1964-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун курамында тарых адистиги өз алдынча факультет болуп түзүлгөн. Тарых факультети 1969-жылга чейин иштеген. Ал мезгилде факультеттин деканы болуп, өз кесибине берилген жогорку профессионалдуу окутуучулар: Д. Эгемназаров, К. Камчыбеков, Н. Чинетова жана Б. Алтымышбаевдер эмгектенишкен.
      1969-ж. Саясий пикир келишпөөчүлүктөн улам, тарых факультети жабылып, студенттер Кыргыз мамлекеттик Университетине которулушкан. 1985-ж. ОМПИнин филология факультетинин курамында тарых бөлүмү ачылып, иштей баштаган. 1988-ж. Тарых бөлүмү өз алдынча факультет болуп түзүлгөн жана анын курамында “Жалпы тарых” жана “Кыргызтандын тарыхы” кафедралары иштеп турган. 1997-ж. “Археология жана этнология” кафедрасы ачылган. Бул аралыкта факультетти т.и.к., доцент Т. Кененсариев, ф.и.д., профессор Ш. Базарбаев, т.и.д., профессор У. Чотонов жана т.и.к., доцент Т. Кадыровдор жетектешкен.
      2006-2008-жж. тарых адистиги тарых-философия, ал эми 2008-2014-жж. тарых-юридика факультетинин курамында болуп келген. Бул жылдары аталган факульттеттердин декандык кызматын т.и.к., доцент Ж. Адильбаев, ю.и.к., доцент Э. Токторов, ю.и.д., профессор Г. Кулдышевалар аркалап келишти.
ОшМУнун ректорунун 2014-жылдын 5-сентябрындагы буйругунун негизинде Тарых-юридика факультети өз алдынча эки: тарых жана юридика факультеттери болуп түзүлдү. Азыркы күндө тарых факультетинде тарыхчы адистерди даярдоо социалдык-экономикалык билим берүү багытында “Бакалавр” программасы боюнча (окуу мөөнтү 4 жыл) жүргүзүлөт. 2014-15-окуу жылында факультетте магистратура бөлүмү ачылган (окуу мөөнөтү 2 жыл). Магистратура бөлүмүнө окшош адистиктеги жогорку билимдүү жана бакалавр академиялык даражасына ээ атуулдар тапшыра алышат. Магистратураны ийгиликтүү аяктаган магистранттар Социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча "Магистр" академиялык даражасына ээ болушат. Факультеттин окуу-усулдук, илимий жана тарбиялык иштерин эки: “Жалпы тарых жана тарыхты окутуунун усулу”(кафедра башчысы профессор Т. Кадыров), “Кыргызстан тарыхы жана археология, этнология” (кафедра башчысы доцент Ө. Ташмаматов) кафедраларынын профессордук-окутуучулук жамааты алып барышат. Факультетте тарых музейи, интернет түйүнүнө туташтырылган 2 компьютердик класс(студенттер интернет кызматын акысыз пайдаланышат), заманбап китепкана, окуу залы, студенттик ашкана иштейт.
      Факультетти тарых илим. канд., доцент Смадияров Сыдык Акунович жетектейт.

Маалыматтык китепче

               



Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com