Haber

Акын Улукбек Омокеев Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду

Ош мамлекеттик университетинин Киноакадемиясынын директору, акын, “Жаз жыты”, “Кеч күздөгү сулуулар”, “Ата-Cүйүү” аттуу көлөмдүү ырлар жана эсселер жыйнактарынын автору, “Жигер” чыгармачылык борборунун түзүүчүсү, бир нече публицистикалык, көркөм-публицистикалык макалалардын автору, Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты Улукбек Омокеев Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болду. Улукбек Омокеевге уюштуруучулар тарабынан Алыкул Осмонов атындагы төш белги, диплом жана 10 000 сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.

Кошумчалай кетсек, Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлык Кыргыз жазуучулар союзу тарабынан 1986-жылы негизделген. Аталган сыйлыктын алгачкы лауреаттары кыргыз эл акындары Рамис Рыскулов, Байдылда Сарногоев болушкан.

Университеттин жалпы жамаатынын атынан Улукбек Омокеевге чың ден соолук, иштерине ийгилик, чыгармачылык эргүү каалайбыз, мындан ары да дайыма бийиктиктерди багындыра беришине тилектешпиз.

3231 13:50 18-12-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|