Haber

Иран өлкөсүндө өткөн Азия университеттеринин ассоциациясынын алгачкы генералдык ассамблеясына биргелешкен кызматташтыктар талкууга алынды

ОшМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы, доцент Семетей Амиралиев Иран өлкөсүнүн Ардабиль шаарындагы Мохагег университетинде 15-16-ноябрда болуп өткөн Борбордук Азия университеттеринин ассоциациясынын алгачкы генералдык ассамблеясынын “Жогорку билим берүүдөгү интернационалдашуу” аттуу жыйынына катышып келди.

Бул эл аралык форумга ассоциацияга кирген 60 университеттердин (Баку мамлекеттик университети, Синзянь университети, Тажик мамлекеттик университети, Мустафа Кемал университети, Тебриз университети ж.б.) ичинен 36 университеттин өкүлдөрү келип катышып, пикир алмашышты. Кыргызстандан ОшМУ жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети катышты. Жыйында негизинен ассоциациянын жобосу талкуулоо менен кабыл алынып, төмөнкүдөй маселелер каралды:

- аткаруу комитетинин курамы жана ишкердиги;

- окутуучулардын жана студенттердин академиялык алмашуу программалары;

- биргеликте иштелип чыккан магистрдик программалар;

- эл аралык студенттик кеңешти түзүү;

- жайкы мектептерди, лагерлерди жана окуу курстарын уюштуруу;

- гранттарды алуу;

- ассоцияциянын вебсайтын жана логотибин талкуулоо сыяктуу көптөгөн актуалдуу маселелер талкууга алынгандыгын Семете Амиралиев маалымдады.

Мындан сырткары доцент Семетей Амиралиев Ардебиль шаарынын туристтик жайларына, зоопаркына жана тарыхый-музей комплексттерине зыярат кылуу сыяктуу социалдык багыттагы иш-аракеттерге катышкандыгын, ошондой эле “Персия булуңунун тарыхый картасы” деп аталган көргөзмөдө 36 университеттин өкүлдөрүнө ОшМУ тууралуу жалпы маалыматтарды тааныштырып, буклеттерди, визиттик карталарды таркатууга жана башка окуу жайлардан да ушундай эле маалыматтарды алууга жана алардын башчылары менен көзмө-көз сүйлөшүп, келечекте биргеликте ишке ашуучу перспективалык иш-аракеттердин пландарын талкуулоого жетишкендигин кошумчалады.

2860 14:43 20-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|