Haber

Андижан мамлекеттик университетинин делегациясы ОшМУга иш сапары менен келишти

Профессорлор, ректораттын өкүлдөрүнөн турган Андижан мамлекеттик университетинин делегациясы Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келишти.

Делегация учурда ОшМУнун Ак-Буура кампусундагы университеттин медициналык клиникасынын заманбап инфраструктурасы, виртуалдык лабораториясы, билим экспортун жасап жаткан эл аралык медицина факультети, Медицина факультетиндеги адам таануу лабораториясы, Кыргыз-Кытай факультети менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле университетте ишке ашып жаткан электрондук системасы боюнча маалымат алышты.

Белгилей кетсек, делегация иш сапардын алкагында университеттин жетекчилиги менен жолугушуп университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу боюнча маселелерди талкууга алат.

4654 15:13 10-11-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|