Иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун Ак-Буура кампусундагы университеттин медициналык клиникасынын заманбап инфраструктурасы, виртуалдык лабораториясы, билим экспортун жасап жаткан эл аралык медицина факультети, Медицина факультетиндеги адам таануу лабораториясы, Кыргыз-Кытай факультети, университеттеги электрондук башкаруу системасы, Дата-центр, IT академиянын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты.
Ошондой эле университеттин ректору Каныбек Исаков башында турган университеттин ректоратынын өкүлдөрү, факультеттин жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, пикир алышты.
Жолугушуунун алкагында университеттер ортосунда өз ара кызматташтыкты арттыруу, тажрыйба бөлүшүү, студент, магистранттарды, докторанттарды академиялык мобилдүүлүк багытында алмашуу, окутуучуларды, илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, студенттик фестивалдарды, спорттук иш чараларды өткөрүү боюнча маселелерди талкууга алынды.
Өз кезегинде Андижан мамлекеттик университетинен келген өкүлдөр ОшМУнун структуралары менен жеринде таанышуу учурунда көптөгөн жаңылыктарга ээ болгондуктарын, үйрөнө турган жактар көп экендигин белгилешти.
Белгилей кетсек, 2016-жылдын октябрь айында өкмөттүк денгээлде Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков жана Андижан мамлекеттик университетинин ректору Акрамжон кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан. Аталган меморандумда илимий-практикалык, билим берүүчүлүк, маданий багыттагы кызматташтыктар каралган.