Курултайга республикабыздын бардык аймактарынан 500дөн ашуун үй-бүлөлүк дарыгерлер, медициналык ЖОЖдордун жана факультеттердин профессордук-окутуучулук курамы, саламаттыкты сактоонун көрүнүктүү илимпоздору катышты. Алардын катарында ыраакы чет өлкөлүк, Борбордук Азиялык жана КМШ өлкөлөрүнүн үй-бүлөлүк медицина тармагы боюнча эксперттери жана адистери да катышышты.
Курултайда КРдин биринчи айымы Раиса Атамбава, Президенттин аппаратынын орун басары Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов, КРдин Саламаттыкты сактоо министири Талантбек Батыралиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облустунун губернатору Таалай Сарыбашев, Дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер уюмунун эвропалык бөлүмдүн президенти Анна Ставдаль, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун жетекчиси Хуан Тилло, Рене Холенштайн, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамчысы, профессор Луи Лутон, USAID өкүлчүлүгүнүн директору Розен Кимберли сөз сүйлөшүп курултайдын жүрүшүнө ийгиликтерди каалашты.
Пленардык жыйындын жүрүшүндө баяндамалар жасалып, талкуулар жүрдү. Ошондой эле курултайдын калган бөлүгү ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан медицина факультетинин жана клиникасынын базасында уланууда.
Белгилей кетсек, 1996-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер институту иштей баштаган. Учурда 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы дарыгердик практикалоо борбору, 1640 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 4328 медайым эмгектенет. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин курултайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты дарыгерлери, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлери өз ара тажрыйба алмашат. Бул курултай үй-бүлөлүк дарыгерлердин, педагогдордун саламаттыкты сактоо жетекчилеринин ортосундагы ынтыкмактын жана достуктун платформасы болот.