Жанылыктар

Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайы Ош мамлекеттик университетинде өтүп жатат

КРдин Cаламаттыкты сактоо министрлиги, Ош мамлекеттик университети, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана башка бир нече уюмдардын жетекчилиги биргеликте Ош шаарында биринчи жолу 2017-жылдын 18-19-майында Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайын Ош мамлекеттик университетинде өткөрүп жатат.

Курултайда КРдин биринчи айымы Раиса Атамбава, Президенттин аппаратынын орун басары Эльвира Сариева, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов, КРдин Саламаттыкты сактоо министири Талантбек Батыралиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош облустунун губернатору Таалай Сарыбашев, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков, И. К. Ахунбаева атындагы КУМАнын ректору Индира Кудайбергенова, Дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер уюмунун эвропалык бөлүмдүн президенти Анна Ставдаль, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо борборунун жетекчиси Хуан Тилло, Рене Холенштайн, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамчысы, профессор Луи Лутон, USAID өкүлчүлүгүнүн директору Розен Кимберли, сөз сүйлөшүп Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлеринин II курултайынын ишинин жүрүшүнө ийгиликтерди каалап, үй-бүлөлүк медицинаны уюштуруу маселелери, үй-бүлөлүк дарыгерлерди даярдоо багытындагы ойлорун ортого салышты. Пленардык жыйындын жүрүшүндө баяндамалар жасалып, талкуулар жүрүп, сунуш-пикирлер айтылды.

Ошондой эле курултайдын калган бөлүгү ОшМУнун Ак-Буура кампусунда жайгашкан медицина факультетинин жана клиникасынын базасында уланууда. Курултай эртен 19-май күнү да ОшМУнун Ак-Буура кампусунда улантылат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, тиешелүү тармактарга сунушталат.

Белгилей кетсек, 1996-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер институту иштей баштаган. Учурда 64 үй-бүлөлүк медицина борбору, 28 жалпы дарыгердик практикалоо борбору, 1640 үй-бүлөлүк дарыгерлер жана 4328 медайым эмгектенет. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин курултайында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эң мыкты дарыгерлери, КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дарыгерлери өз ара тажрыйба алмашат. Бул курултай үй-бүлөлүк дарыгерлердин, педагогдордун саламаттыкты сактоо жетекчилеринин ортосундагы ынтыкмактын жана достуктун платформасы болот.

5196 12:49 18-05-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|