Haber

БУЛ ЖОЛУ КИТЕП ТАРКАТУУ ИШТЕРИ КАРА-КУЛЖАДА ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ош мамлекеттик университетинин теология факультети аймактардын руханий дүйнөсунүн өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн багытталган иш-чараларын баштады. Анын алкагында Кара-Кулжа районунун кээ бир айылдарынын аксакалдарына Курандын кыргызча котормосунан таркатылды. Аны менен катар аты аталган райондун мектептеринде кесипке багыт берүү иштери да жүргүзүлдү. Буга чейин «Белегим Куран болсун» долбоорунун негизинде таратылып келген Куранга кошумча дагы 20 китеп камтылып, Кыргызстандын түштүгүндөгү четки аймактарынын барына жеткирилет.

2572 13:51 25-01-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|