Салтанатка форумга келген бардык коноктор катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алгачкы ирет Ош шаарында тартууланып жаткан белгилүү сүрөтчү Пак Сон Ёнгдун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүп, алардын жашынган таланттарынын ачылышына кам көрүп, алардын таланттарынын ачылышына дем берип келе жаткандыгы белгиленди. Сүрөтчүнүн эмгектери менен биргеликте бүгүн Түштүк Кореядагы Интеллектуалдык өнүктүрүү фонду тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген талантуу балдардын да эмгектери камтылгандыгы айтылды жана бул көргөзмө байланыштарга көпүрө болсун тилектерин билдиришти.
Ошондой эле форумдун алкагында Улуу Жибек Жолу боюнча эмгектерин алып келип, искусство сүйүүчүлөрдүн назарына коюп жаткан КР Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев устаты Т.Садыковдун атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде эмгектеринин көрсөтүлүп жаткандыгына сыймыктанып тургандыгын белгиледи.