Салтанатка форумга келген бардык коноктор катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты. Алгачкы ирет Ош шаарында тартууланып жаткан белгилүү сүрөтчүнүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүп, алардын жашынган таланттарынын ачылышына кам көрүп келе жаткандыгы белгиленди.
Сүрөтчүнүн эмгектери менен биргеликте Түштүк Кореядагы Интеллектуалдык өнүктүрүү фонду тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген таланттуу балдардын да эмгектери көргөзмөдө камтылды.
Ошондой эле форумдун алкагында Улуу Жибек Жолу боюнча эмгектерин алып келип, искусство сүйүүчүлөрүнүн назарына коюп жаткан КР Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев устаты Т.Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинде эмгектеринин көрсөтүлүп жаткандыгына сыймыктанып тургандыгын билдирди.