Кол коюу аземи ОшМУда болуп ага ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов, ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен эки тараптуу келишимдерге кол коюшту. Ал эми ОшМУнун “Билим” лицейинин директору Назгүл Каныбекова Кыргыз-Кытай факультетинин кытай тараптан директору Лю Вей Чан менен келишимге кол койду.
Эми тиешелүү жерлерде ачылган Конфуций класстары заманбап материалдык-техникалык каражаттар, аудио-видео окуу куралдары, китептер менен жабдылат. Ошондой эле кытай тараптан экиден волонтер окутуучулар келип, кытай тилин, маданиятын үйрөнөм деген окуучуларды, студенттерди акысыз окутуп, кытай тилинен экзамендерге даярдап, Кытайдагы бир топ жогорку окуу жайлардан гранттык негизде билим алууларына шарт түзөт.
“Бүгүн биз ОшМУ менен Конфуций каанасын ачуу боюнча эки тараптуу келишимге кол койдук. Учурда ОшМУда билим берүү, аны реформалоо багытында алгылыктуу иштер жасалып, жаңы демилгелерди ишке ашырууда. Алардын катарында бүгүн биздин окуу жайга да кытай тилин, маданиятын үйрөнүүгө кызыккан студенттерибизге, окутуучуларыбызга өзгөчө шарт түзчү Конфуций классын түзүүгө демилгечи болуп отурат. Биз ОшМУнун жамаатына, жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз”, -деди ОГПИнин ректору Бекмурза Зулуев.