News

Ош мамлекеттик университети менен Ходжент мамлекеттик университетинин эки тараптуу кызматташуусу

Ош мамлекеттик университети менен Бабажан Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетинин ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында 25-26-май күндөрү ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары, студенттери, магистранттары жана университеттин окуу-информациялык департаментинин, карьера борборунун кызматкерлеринен түзүлгөн делегациясы Тажикстан Республикасынын Ходжент шаарындагы Б.Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетине иш сапар менен барышты. Б.Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетинин Тарых жана укук факультетинин “Тажик элинин тарыхы” жана “Тажикстандын жалпы тарыхы” кафедралары менен ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу, африканистика” жана “Эл аралык мамилелер” кафедраларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимдерге кол коюлду. Иш сапар ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу, африканистика” кафедрасы тарабынан демилгеленип жемиштүү жана ийгиликтүү болду.

2871 18:25 29-05-2018

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|