Жанылыктар

Ош мамлекеттик университети менен Ходжент мамлекеттик университетинин эки тараптуу кызматташуусу

Ош мамлекеттик университети менен Бабажан Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетинин ортосундагы өз ара кызматташуу боюнча меморандумдун алкагында 25-26-май күндөрү ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары, студенттери, магистранттары жана университеттин окуу-информациялык департаментинин, карьера борборунун кызматкерлеринен түзүлгөн делегациясы Тажикстан Республикасынын Ходжент шаарындагы Б.Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетине иш сапар менен барышты. Б.Гафуров атындагы Ходжент мамлекеттик университетинин Тарых жана укук факультетинин “Тажик элинин тарыхы” жана “Жалпы тарых” кафедралары менен ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” жана “Эл аралык мамилелер” кафедраларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу жөнүндөгү келишимдерге кол коюлду. Иш сапар ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин “Чыгыш таануу” кафедрасы тарабынан демилгеленип жемиштүү жана ийгиликтүү болду.

2824 18:25 29-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|