News

Бүгүн Ош МУнун жыйындар залында 2016-2017-окуу жылында Ош мамлекеттик университетиндеги педагогикалык (бюджет) адистикке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү жалпы билим берүүчү мектептерге

Бөлүштүрүү иш жараянына: ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, комиссиянын төрагасы Авазбек уулу Расул, ОшМУнун ББСД директору М.Алтыбаева, МИТ факультетинин деканы Т.Д.Асылбеков, Кыргыз филология факультетинин деканы Н.О.Турганбаев, Педагогика жана дене-тарбия факультетинин деканынын орун басары Ы.А.Райимбердиев, Табият таануу факультетинин деканы Т.А.Мамытов, ОшБИМнин кадр кызматкери Бердибаева Гүлайым, ОшБББнин башкы адиси Давыдова Венера, Өзгөн шаарындагы С.Шарипов ат.о.м. директору А.Ходжахунова жана Өзгөн шаарынын Курманжан Датка а.о.м директору Т.Джусупов катышышты. Бүгүнкү жыйында: Математика жана информациялык технологиялар факультетинин, Кыргыз филология факультетинин, Педагогика жана дене-тарбия факультетинин жана Табият таануу факультетини бүтүрүүчү курстары Ош, Жалал–Абад, Баткен областтарынын шаарларынын, райондорунун билим берүү башкармалыгынын талапнаамаларынын негизинде жана иш чарага келген жетекчилер менен түздөн-түз макулдашуулар менен бөлүштүрүлдү. Айрым студенттер райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан берилген өтүнүч каттардын негизинде бөлүштүрүлдү.
2818 18:18 17-04-2017

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|