Новости

Бүгүн 2016-2017-окуу жылындагы педагогикалык адистикке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү ЖББ мектептерге бөлүштүрүү иш чарасы болуп өттү.

Бөлүштүрүү иш жараянына: Ош МУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, Ош МУнун ББСД директору М.Алтыбаева, МИТ факультетинин деканы Т.Д.Асылбеков, Кыргыз филология факультетинин деканы Н.О.Турганбаев, Педагогика жана дене-тарбия факультетинин деканынын орун басары Ы.А.Райимбердиев, Табият таануу факультетинин деканы Т.А.Мамытов, ОшБИнин башкы адиси А.Б.Артыкбаев кадр кызматкери Бердибаева Гүлайым, ОшБББнин башкы адиси Давыдова Венера, Райондук билим берүү башкармалыктарынан: Алай районунун БББнын башкы адиси Ш.Ибраимов, Ноокат районунун БББнын башкы адиси М.Каратаева, Кара-Суу районунун БББнын жет. адиси К.Камалова,Кара-Кулжа районунун БББнын жет. адиси Б.Мамекова, Араван районунун башкы адиси Ж.А.Мамажанов, Өзгөн шаарындагы С.Шарипов ат.о.м. директору А.Ходжахунова жана Өзгөн шаарынын Курманжан Датка а.о.м директору Т.Джусупов катышышты. Бүгүнкү жыйында: Математика жана информациялык технологиялар факультетинин, Кыргыз филология факультетинин, Педагогика жана дене-тарбия факультетинин жана Табият таануу факультетини бүтүрүүчү курстары Ош, Жалал–Абад, Баткен областтарынын шаарларынын, райондорунун билим берүү башкармалыгынын талапнаамаларынын негизинде жана иш чарага келген жетекчилер менен түздөн-түз макулдашуунун негизинде бөлүштүрүлдү. Айрым студенттер райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан берилген өтүнүч каттардын негизинде бөлүштүрүлдү.
Бөлүштүрүү 2 күнгө уланды 18.04.2017 күнү физика-техника факультетинин, орус филология факультетинин, дүйнөлүк тилдер факультетинин жана тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрү жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүлдү.Жалпы 256 педагогикалык (бюджет) адистикке ээ болгон бүтүрүүчүлөр бөлүштүрүлдү.
2792 18:18 17-04-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|