Жанылыктар

Кыргыз маданияты, билим берүүсү оор жоготууга учурады (Кыргыз Эл сүрөтчүсү Мырза Оморкулов 90 жаш курагында дүйнө салды)

Мырза Оморкулов

(1928-2018)

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасынын түптөөчүсү, профессору, Кыргыз элинин тунгуч профессионал график-сүрөтчүсү, СССРдин жана КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРнын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Мырза Оморкулов агайыбыз 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Мырза Оморкулов 1928-жылы 1-июнда Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун Багыш айылында жарык дүйнөгө келген.

1951-жылы Ташкенттеги П.П.Беньков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын ийгиликтүү аяктагандан соң, Ленинград шаарындагы И.Е. Репин атындагы көркөм сүрөт институтунун графика бөлүмүнүн “Графика” адистигине тапшырып, 1958-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, кыргыз элибиздин тунгуч кесипкөй сүрөтчү-графиги болгон.

1946-жылдан тарта, башкача айтканда 60 жылдан ашык мезгил ичинде М. Оморкулов Кыргызстандын турмушунун кызыктуу жана жаркын тараптарын чагылдырган графикалык серияларды жана акварелдерди көп санда жаратты. Кыл калемдин чеберинин көптөгөн мыкты чыгармалары (акварель, линогравюра, калем менен тартылган сүрөттөрү) кыргыз сүрөт искусствосунун эң мыкты жетишкендиктеринин, үлгүлөрүнүн катарында чет өлкөлөрдө элдин назарына коюлган, эң абройлуу басылмаларда жарык көргөн жана өлкөбүздүн руханий “алтын” казынасына кирген. Сүрөтчүнүн эмгектери Европанын, Азиянын, Африка жана Американын көптөгөн өлкөлөрүндө уюштурулган абройлуу сүрөт көргөзмөлөрүндө көрсөтүлгөн, бир катар сүрөттөрү бир эле Кыргызстандын эмес алыскы чет өлкөлөрдөгү музейлерде жана жекече колекцияларда сакталууда. Кыргыз Улуттук сүрөт искусствосу музейинин коллекциясында эле 100дөн ашык акварели жана гравюралары сакталып турат.

М. Оморкулов өзүнүн жыйнаган бүткүл тажрыйбасын насаатчы иретинде студент жаштарга толугу менен бере алды. Учурунда Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде “Сүрөт, чийүү жана эмгек” кафедрасын түптөп, кафедранын профессору болуп үзүрлүү эмгектенди. Ошол мезгилде биздин республикабызда аналогу болбогон уникалдуу окуу-методикалык музейди түзгөн. Ал музейде 1952-1986-жылдары сүрөтчү тарабынан жаратылган көркөм жана маданий-тарыхый баалуулукка ээ болгон 60тан ашык эмгеги коюлган. Искусстводогу жана жаш муунду көркөм-эстетикалык тарбиялоодогу чыныгы энтузиазмы жана каармандыгы үчүн М. Оморкуловду “элдик сүрөтчү” деп гана атабастан, “элдик педагог” деп да аташчу. Кыргыз элинин тунгуч профессионал график-сүрөтчүсүнүн эмгеги мамлекет тарабынан бааланып СССРдин жана КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон, КРнын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер, Кыргыз Эл сүрөтчүсү наамдарына татыктуу болгон.

Сыйлыктары, наамдары

1958 – СССР сүрөтчүлөр союзуна мүчө болгон.

1967 – Кыргыз ССРинин профсоюз комитетинин Ардак грамотасы.

1974 – СССРдин жогорку билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы.

1982 – Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы.

1984 – “Кыргыз ССРинин маданиятынын эмгек сиңирген кызматкери” наамы ыйгарылган, “Эмгек ветераны” медалы берилген.

1988 – “ОшМУнун доценти” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

2008 – Сүрөт, чийүү жана эмгек кафедрасынын профессору окумуштуулук наамы ыйгарылган.

2010 – “Кыргыз Эл сүрөтчүсү” Ардактуу наамы ыйгарылган.

Негизги көргөзмөлөрү

1947 – Совет мамлекетинин 30 жылдыгына арналган республикалык көркөм көргөзмө.

1950 – Кыргыз ССРинин 25 жылдыгына арналган республикалык көргөзмө.

1957 – Бүткүл союздук көргөзмө, Москва шаары. Кыргызстандын искусство жана адабият декадасы. Москва.

1965 – Т. Сатылгановдун 100 жылдыгына арналган көргөзмө.

1966 – Орто Азия жана Казакстан республикаларынын сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын көргөзмөсү.

1967 – “Экспо-67” эл аралык көргөзмөсү. Канада. Монреаль.

Совет бийлигинин 50 жылдыгына арналган бүткүл союздук көргөзмө. Москва.

1968 – Биринчи республикалык сүрөт көргөзмөсү.

1969 – Сүрөтчү-акварелисттердин жаңы эмгектеринин көргөзмөсү. Москва.

12 кыргыз сүрөтчүсүнүн Латвиядагы көргөзмөсү. Рига.

1972 – СССРдин түзүлгөнүнүн 50 жылдыгына арналган бүткүл союздук көргөзмө. Москва.

1978 – Акварельдин бүткүл союздук көргөзмөсү. Москва.

1979 – Кыргызстандын искусствосунун Бельгиядагы көргөзмөсү.

1980 – Кыргызстандын живописи жана графикасынын Монголиядагы көргөзмөсү. Улан-Батор.

Кыргызстандын графикасы жана колдонмо-жасалга өнөрүнүн Франциядагы көргөзмөсү.

1985 – Улуу Жеңиштин 40 жылдыгына арналган бүткүл союздук көргөзмө. Москва.

1986 – “Кыргызстандан сүрөтчүлөрү” деп аталган группалык көргөзмө. Казань.

1999 – Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналган “Түштүк палитрасы” деп аталган конкурстук көргөзмө.

2005-2006 – “Түштүк палитрасы: Кыргызстан” деп аталган көргөзмө. Москва, Санкт-Петербург.

2010 – Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган көргөзмөсү.

Мырза агай өмүрлүк жары менен 1 уул 2 кызды татыктуу тарбиялаган неберелердин чоң атасы жана таятасы болчу.

Устат агайыбыздын жаркын элеси аны менен бирге иштеген кесиптештеринин, окуткан студенттеринин, окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Мырза Оморкулов агайдын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына терең көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

ОшМУнун ректораты, Кесиптик кошуну, профессордук-окутуучулук жамааты, Искусство факультетинин жалпы жамааты, студенттер

2985 19:24 05-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|