Жанылыктар

Кыргызстан менен Россиянын гуманитардык кызматташтыгы талкууланды

Ош мамлекеттик университетинде “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы аймактарды өнүктүрүү алкагында гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө” деген аталыштагы тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столго эксперттер саясатчы жана “Пикир” аймактык эксперттер клубунун өкүлү Игорь Шестяков, клубдун координатору, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, саясатчы Эльвира Иманалиева, жана көз карандысыз журналист Наталья Крек катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенттери, магистранттары жана окутуучулары профессор К.З. Зулпукаровдун, доцент Б.К. Оморкуловдун жана ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, доцент Эрлан Камаловдун докладдарына күбө болушуп, каралган маселелерди талкуулашты.Ошондой эле профессор Канышай Нурдинова, коомдук ишмер Салима Шариповалар өздөрүнүн жеке ойлору менен бөлүшүштү.

Аталган тегерек стол “Пикир” аймактык эксперттер клубу тарабы менен демилгеленип, ОшМУнун ректораты жана эл аралык мамилелер факультетинин колдоосу менен өткөрүлдү.

3489 23:25 04-04-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|