Жанылыктар

2018-жылдын 27-августтан 31-августка чейин Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин «филологиялык билим берүү» 550300 бакалавр багытындагы чет тили адистигинин 1-курсунун студенттери &

2018-2019 окуу жылынын башында 27-августан 30-августка чейин Ош МУнун Дүйнолук тилдер жана маданият факультетинин “филологиялык билим берүү” 550300 бакалавр багытындагы чет тили адистигинин 1-курсунун студенттери үчүн адаптациялык жумалык өткөрүлдү.

27-августта кураторлор тарабынан 1-курстун студенттеринен диагоностикалык тест алынып, студенттердин билим денгээлине карата тайпачаларга бөлүштүрүлдү.

28-августта 1-курстун студенттери факультеттин деканы ф.и.к., доцент Калыгулова С.Ш. менен жолугушту.Жолугушууда студенттерге факультеттин окуу процесси,студенттердин жүрүм-турум эрежелери жана ички жана сырткы мобилдүүлүк жөнүндө маалымат берди.

29-августта ОшМУнун башкы корпусунда 1-курстун студенттери үчүн жалпы окуу процесстери боюнча презентация өткөрүлдү, ОшМУнун музеи менен таанышуу, көп баскычтуу окуу системасы жана AVN электрондук системасы жөнундө түшүнүк алышты.

Студенттер университеттеги спорттук секциялар, ийримдер, өзүн-өзү башкаруу студенттик коому, аялдар кеңеши менен таанышышты.

30-августта студенттер учун интерактивдүү формада чет тилдерди тейлөөчү кафедралар презентация уюштурулуп, ар түрдүү оюн дарга активдүү катышышып, “One Big Family” деген ыр менен аякталды. Иш-чаранын журүшүндө кафедра башчылары доцент Акматова А.А., ф.и.к.,доцент Кайкыбашева А.,ф.и.к.,доцент Кабылов Т.Б., ар бир кафедра боюнча студенттерге керектуу маалымат берип, мугалимдик кесиптин баалуулугун жана тереңдигин ошондой эле чет тилдерди билүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтып беришти. Практика боюнча англис тилинин методика кафедрасынын улук окутуучусу Койлубаева Б.К. чет тили адистигиндеги ар түрдүү практикалар боюнча түшүндүрмө берип өттү жана мектеп практикасында болгон үлгүлүү студенттер жөнүндө презентация жасады. “Илимий иш” жана студенттергдин илимий иштеринин түрлөрү, студенттердин ички жана тышкы мобилдүүлүгү, факультеттеги олимпиадалар жана алардын жеңүүчүлөрү жөнүндө улук окутуучу Жээнбекова Ч.М. тааныштырды.

Мындан сырткары студенттердин жана окутуучулардын эл-аралык программалары, окутуу конференциялары боюнча презентация откорулду.

Улук окутуучу Аспердиева Ч.М. жана Эргешова Г.С. силлабус, СОАИ, жана окуу-методикалык колдонмолор жөнүндө маалымдашты.

Кафедранын тарбиялык иштери боюнча окутуучу Токторова В.К. студенттерге окуу-тарбия иштери жөнүндө маалымат берди .

Иш чара жогорку деңгээлде откорулду.Студенттер активдүү катышып,өздөрүнө керектүү маалыматтарды алышты.

2497 15:01 07-09-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|