Жанылыктар

Аалам жана Айтматов

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англистилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу Матаева Айтурган 2017- жылдын 2- декабрында Кыргыз Республикасынын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жаш туулган күн кечесине арналган «Аалам жана Айтматов» аттуу куратордук ачык сабагын өткөрдү.

Ачык сабак Чынгыз Айтматовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу слайд- видео менен башталып, куратор «Аалам жана Айтматов» деген темада доклад окуп берди.

Студенттер жазуучу жөнүндө ырларды айтышты, чыгармаларынан үзүндү аткарышты жана анын өмүр жолу, чыгармачылыгы боюнча презентацияларды жасашты.

«Мен сүйгөн чыгарма жана каарман» деген темада өздөрү тарткан сүрөттөрү жөнүндө сүйлөшүп талкууга катышышты. Чынгыз Айтматовдун учкул сөздөрү видео аркылуу көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында, бул ачык- куратордук саат студенттерге чоң тарбиялык мааниси бар сабак болду.

5903 11:34 08-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|