Жанылыктар

Англис тилиндеги Мыктынын эң мыктысы

2017-жылдын 30-ноябрь күнү ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданияты факультетинин I,II курстарынын ортосунда “Best in English” аттуу конкурсу англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучуларынын демилгеси менен болуп өттү. Бул конкурс бардык студенттердин кызыгуусун жаратты.

Бул иш-чаранын башкы максаты:

· студенттерге чет тилин кызыгуу менен үйрөтүү;

· чет тилиндеги ырларды эркин ырдоо аркылуу англис тилиндеги фонетикалык процесстерди (ассимиляция,диссимиляция, ж.б.) эркин өздөштүрүү;

· англис тилинде жазылган белгилүү акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм айтып, сөздөргө-сүйлөмдөргө туура басым коюу;

· дүйнөгө таанымал акын-жазуучулардын чыгармаларынан үзүндү аткарып студенттердин жан дүйнөсүн байытуу.

Конкурска катышкан студенттерди туура баалап берүү үчүн атайын факультеттин окутуучуларынан түзүлгөн калыстар тобу активдүү катышкан студенттерди дипломдор менен сыйлашты жана бул иш-чараны жыйынтыкташты.

2693 16:02 04-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|