Жанылыктар

Маданияттар аралык өз ара аракеттешүүдө байланыштын ролу

2017-жылдын 25-ноябрында ДТжМ факультетинде, англис тилинин грамматикасы жана фонетикасы кафедрасынын окутуучусу Касымова Д.Т тарабынан «Маданияттар аралык өз ара аракеттешүүдө байланыштын ролу» аттуу темада 1- курстун студенттерине куратордук ачык сабак өтүлдү.

Бул сабакта төмөнкү билим берүүчү натыйжалар калыптанган. Алар: маалымат арттыруучу, баалуулук жана тажрыйбалык.Студенттер инсандын көрүнүктүү жана жашыруун мүнөздөмөлөрү деген эмне экенин,ар кандай маданияттар үчүн жалпы белгилерди бөлүп көрсөтүүнү, ар кандай маданият өкулдөрү менен байланыштын эрежелерин урматтоону жана кабыл алууну түшүнүштү.

Сабактын жүрүшүндө студенттер «Маданий муз тоо»тапшырмасын талкуулашты жана жыйынтыгында, көрүнүктүү гана мүнөздөмөлөр (расасы, жынысы, жашы) инсанга жалпы мүнөздөмө берүүдө жетишсиз экендигин океандагы үстү жагы көрүнүп ал эми асты жагы суу астында көрүнбөй турган музга салыштыруу аркылуу теренирээк түшүнүштү.Ушул эле талкууну улай,эстуденттер үч топко бөлүнүшүп «Байланыштын беш ийгиликтүү эрежеси» аттуу презентацияны аткарышты.Ошондой эле жаңы терминдер (мульти(поли)маданияттулук»маданий өз ара аракеттелишүү ж.б) түшүндүрүлүп студенттерге «Маданият жана байланыш»аттуу мини лекциясы угузулду. Студенттер «Улуу жибек жолу»видеофильмин көрүшкөндөн соң ,жибек жолу басып өткөн мамлекеттердин түзүлүшүнө саясий,экономикалык жана маданий таасирин тийгизгенин тереңирээк түшүнүштү жана маданияттын өз ара сиңишүүсү жана өз ара өнүгүүсү - бул азыркы коомдун негизги фактору болуп саналат деген жыйынтыкка келишти.

3661 12:34 01-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|