«Нооруз» майрамына карата профессордук-окутуучулук курам жана студенттер ортосунда кыргыздын улуттук оюндары боюнча өткөрүлүүчү спорттук мелдештердин жобосу
I .Мелдештин максаты жана милдети:
~ ОшМУда окутуучулар жана студенттер арасында кыргыздын улуттук оюндарын өнүктүрүү;
~ Окутуучулардын жана студенттердин улуттук спортко кызыгуусун арттыруу жана ден соолугун чындоо;
~ Окутуучулардын жана студенттердин бош убактыларын көңүлдүү эс алуу менен айкалыштыруу.
II.Өткөрүү мөөнөтү жана орду:
~ Мелдеш 20-март күнү университеттин батыш жагындагы Сулайман тоосунун астында «Алымбек датка» этнографиялык борборунда өткөрүлөт.
Мелдештер 20-март күнү:
1. Ордо оюну саат 16:00дө башталат;
2. Гир (16кг.) көтөрүү саат 18:00да башталат;
3. Кол күрөш саат 19:00дө башталат;
4. Аркан тартыш саат 19:30да башталат;
III.Мелдешти өткөрүү боюнча жооптуулар :
~ ОшМУнун тарбия департаменти, жаштар комитети жана «Жаштык» спорт клубу, дене тарбия кафедраларынан бекитилген калыстар тобу.
IV.Мелдештин катышуучулары:
~ Мелдешке ОшМУнун бардык факультеттердеги окутуучулары жана студенттери катыша алышат.
V.Мелдештин шарты:
Ордо оюну
~ Ар бир факультеттен 5 оюнчу катышат;
~ Мелдешке катышкан командалар эки тайпага бөлүнүп өткөрүлөт;
~ Оюндун жыйынтыгы ордо оюнунун эрежеси менен жыйынтыкталат.
Аркан тартыш
~ Ар бир факультеттен 6 оюнчу катышат;
~ Мелдешке катышкан командалар эки тайпага бөлүнүп, оюндан чыгып кетүү системасы боюнча өткөрүлөт;
~ Оюндун жыйынтыгы Аркан тартыш мелдешинин эрежеси боюнча жыйынтыкталат.
Кол күрөш жана гир көтөрүү
~ Ар бир факультеттен 4 оюнчу катышат (кол күрөшкө - 2, гир көтөрүүгө – 2);
~ Мелдештин жыйынтыгы кол күрөш жана гир көтөрүү оюнунун эрежеси менен жыйынтыкталат;
VI.Мелдешке катышуу үчүн өтүнүч кат берүү :
~ Өтүнүч кат берүү мелдеш башталардан эки саат алдын берилет, 20-март күнү саат 14:00гө чейин;
~ Өтүнүч катта декандын колу, мөөрү болушу керек;
~ Кечигип келген командалар оюнга киргизилбейт.
VII.Байгелүү орундарды сыйлоо :
~ Мелдеште 1-2-3-орундарды алган оюнчулар ОшМУнун ректораты, профсоюз уюму тарабынан ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.
VIII.Мелдештерди өткөрүү боюнча уюштуруу комитети :
1. Уюштуруу тобунун
төрагасы: ОшМУнун тарбия департаментинин
директору Божонов З.С.
2. Мелдештин башкы
калысы: Дене тарбия кафедрасынын
башчысы Жалалов Т.
3. Мелдештин жооптуу
калысы: «Жаштык» спорт клубунун
төрагасы Нурматов К.Н.
Калыстар тобунун мүчөлөрү:
Ордо оюнуна: Дене тарбия кафедрасынын ага
окутуучусу, улуттук даражадагы
калыс Назаров А.Н.
Аркан тартыш оюнуна: Дене тарбия кафедрасынын ага
окутуучусу, улуттук даражадагы
калыс Турдуев Э.Т.
Кол күрөш боюнча: Педагогика жана дене тарбия
факультетинин ага окутуучусу,
улуттук даражадагы калыс
Исраилов М.И.
Гир көтөрүү боюнча: Педагогика жана дене тарбия
факультетинин окутуучусу
I даражадагы калыс Сатаров К. С.