ОшМуда кичи футбол боюнча “Ректордун кубогу” өттү Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда кичи футбол боюнча “Ректордун кубогуна” арналган мелдеш өттү. Мелдеш, Табият таануу жана география факультетинде ушул жыны оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн футбол аянтчада өткөрүлдү. “Ректордун Кубогуна” арналган турнирге, жаалпы 18 команда катышты. Оюн 3-4-ноябрь күндөрү болуп, 1-күнү жарым финалга чейинки беттештер болсо, 2-күнү жарым финал жана финал беттештери орун алды. Жыйынтыгында 1-орунду Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин командасы ээледи. Ал эми, 2-орунду Бизнес жана менеджмент факультетинин командасы аклса, 3-орунду университеттин АЧД командасы, 4-орунду Табият таануу жана география факультетинин курама командалары багындырды. Сыйлоо аземине ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков катышып, жеңүүчулөргө сыйлыктарды өзү тапшырды. Ошондой эле аталган турнир, жамааттын ден-соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулгандыгын белгилеп, катышуучуларга ден-соолук, иштерине ийгилик каалады. Белгилей кетсек, аталган мелдеш жыл сайын салтка айланып өткөрүлөт.