Kolej hakkında

Теология колледжи жөнүндө жалпы маалымат

ОшМУнун теология факультети 1993-жылы ОшМУ жанаТуркиянын «Диянет» фондунун ортосундагы келишимдин (17.11.1993-ж.) негизинде ачылган. Теология факультети Борбордук Азия мамлекеттеринде эң алгачкы ачылган факультет болуп эсептелет.

Факультеттин максаты – учурдун талабына ылайык республикабыздын диний агартуу жаатында жогорку билимдүү кадрларды даярдоо, окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, диндин жалпы адамзаттык баалуулуктарын эл арасына туура жайылтууга салым кошо турган татыктуу адистерди даярдоо.

Мына ушул максаттын негизинде 2017-2018-окуу жылынан баштап теология факультетинин карамагында орто кесиптик теологиялык билим берүү адистиги боюнча студенттерди кабыл алуу жана окутуу жүргүзүлүүдө. Бул программа билим берүү ишмердүүлүгүн КРнын ББжИМ тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүргүзөт.

Орто кесиптик билим берүү программасына тапшыруу үчүн абитуриент негизги жалпы билим берүү же жалпы орто билим берүү мекемесин бүтүрүп, аттестат же күбөлүккө ээ болуусу керек.

Орто кесиптик билим берүүү программасын ийгиликтүү бүтүргөн студентке орто кесиптик билимге ээ болгон диплом берилет.

Билим берүү программасы боюнча окугандардын саны жана курстар тууралуу маалымат:

Адистик

Күндүзгү окуу

Сырттан окуу

1

Орто кесиптик теологиялык билим берүү

25

-

Жалпы

25

-

Күндүзгү окуу формасы боюнча орто кесиптик теологиялык билим берүүнүн студенттеринин контингенти:

Адистик

Курстар

Негизги жалпы билим берүүнүн негизинде 1-курс

Жалпы орто билим берүүнүн негизинде кабыл алынган 2-курс

Баары

1

Орто кесиптик теологиялык билим берүү

16

9

25

Баары

16

9

25

Теология факультетинин деканы ошол эле учурда орто кесиптик теологиялык билим берүү программасынан да жоопкер болуп эсептелет.