Бүткүл дүйнөлүк СПИД күнүнө карата 1-январь улуттук күрөш 2-январь эркин күрөш боюнча факультеттер аралык командалык мелдеш болуп өттү. Биздин командадан 2 студент 1-орунду 2 студент 3-орунду салмагы боюнча багындырышты. 1-орунду ОБД-1-11 тайпасынын студенти Абдуллаев Нурбек (96кг), ОБД-2-11 тайпасынын студенти Нуркул уулу Кабыл (84кг) ал эми 3- орунду ТОРАТс-1-15 тайпасынын студенти Сражидин уулу Азим (75кг) жана ЭСб-1-16 тайпасынын студенти Карабаев Алтын (65кг) жеңишке жетишип дипломдор менен сыйланышты.
Студенттердин ортосундагы достукту бекемдөө, ден-соолукту чыңдоо жана ОшМУнун факультеттер ортосунда боло турган мелдешке курама командаларды тандап алуу максатында 2016-жылдын 24-сентябрь күнү Фудбол уюштурулду. Жалпы 12 команда катышып алардын ичинен жыйынтыгында 1-орунду ЭСб-1-16 тайпасы, 2-орунду ЭСс-1-16 тайпасы, 3-орундарды ТОРАТс-1-16 жана ЭСс9-1-16 тайпалары багындырды. Ошондой эле 28-сентябрь стол тенниси боюнча тандоо тур болуп өттү. 12 студент катышып 3 студент жеңишке жетишти. 1-орунду ТОРАТс-2-16 тайпасынын студенти Максат уулу Ильяз, 2-орунду ЭСб-1-16 тайпасынын студенти Жакшылыков Айкөл ал эми 3-орунду ЭСб-1-16 тайпасынын студенти Карабаев Алтын багындырган. 7-октябрь спорттун шахмат түрү боюнча 7 студент катышып 1-орунду ТОРАТс-1-16 тайпасынын студенти Орозбек уулу Арзыбек, 2-орунду ТОРАТс-1-16 тайпасынын студенти Давлатов Азамат ал эми 3-орунду ЭСс9-1-16 тайпасынын студенти Рахматуллаев Акун багындырган. 1-ноябрь күнү спорттун баскетбол түрү боюнча 1-орунду “Достук”командасы, 2-орунду ЭСс-1-16 тайпасынын студенттери жана 3-орунду ЭСб-1-16 тайпасынын студенттери жеңишке жетишти. 2-ноябрь күнү спорттун волейбол түрү боюнча 1-орунду ЭСс-1-15 тайпасынын студенттери, 2-орунду ФЕб-1-15 тайпасынын студенттери жана 3-орунду ТОРАТс-2-16 тайпасынын студенттери жетишти. Алар студенттикке кабыл алуу күнүндө факультеттин дипломдору жана белектери менен сыйланышты.