СОЦИАЛДЫК ИШТЕР ЖАНА АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ЦИКЛЫ
Обтекание

Лейтенант Бокатуев

СОЦИАЛДЫК ИШТЕР ЖАНА АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫК ЦИКЛЫН БАШЧЫСЫ

Түмөнбаева Гүлүмкан Байышовна


      

2013-жылы 21-сентябрда ОшМУнун ректорунун №334 буйругу менен ОшМУнун финансы-юридикалык колледждин курамында “Жалпы билим берүү дисциплиналарынын коомдук илимдер” кафедрасы ачылып, аны т.и.к., доцент Г. А. Анарбаева жетектейт . Кафедранын курамыда 4 окутуучу жана 1 лаборант эмгектенген.

2017-жылдын 12-сентябрында ОшМунун Окумуштуулар кенешинин токтомунун чечими жана ректордун №825 буйругунун негизинде “Жалпы билим берүү дисциплиналарынын коомдук илимдер” кафедрасы гуманитардык-педагогикалык колледждин курамына бириктирилип “Орто кесиптик билим берүүдөгү коомдук илимдер жана социалдык иштер” кафедрасы деп ачылып, аны т.и.к., доцент Г.А. Анарбаева жетектейт.

2018-жылдын 18-сентябрындагы ректордун №827 буйругунун негизинде “Орто кесиптик билим берүүдөгү коомдук илимдер” кафедрасы деп өзгөртүлөт.

2021-жылдын 18-октябрдагы ОшМУнун ректорунун №3988-ФХД/21буйругу менен колледждерди оптимизация учурунда коомдук илимдер предметтик циклдык комиссиясы финансы-юридикалык колледждин курамына өткөндугунө байланыштуу индустриалдык-педагогикалык колледжинде социалдык иштер жана коомдук дисциплиналар предметтик циклдык комиссиясы ачылып, комиссиясынын төрайым кызматына Түмөнбаева Гүлүмкан Байышовна дайындалды. Циклда 2 илимдин кандидаты, 2 доцент, 10 окутуучу жана 2 совместитель эмгектенди.

2022-жылдын 18-июлундагы жарыяланган КР Презедентинин Кыргыз

Республикасындагы жогорку кесиптик окуу жайлардын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу иш чаралары жөнүндө указын (УП№243) ишке ашыруу максатында жана орто кесиптик окуу жайлардын жобосуна (ППКР 2004жыл 3-февралындагы №53 ), ECTS окутуунун кредиттик технологиялары жөнүндөгү жобого (МОиКР 2009-жыл 6-август №824-1) ылайык орто кесиптик окуу жайларда жалпы билим берүүчү дисциплиналарды окутуучулар жана көмөкчү персоналдары менен бирге ротациялык ишке ашыруу жөнүндөгү кызматтык каттын негизинде “Социалдык иштер жана аскерге чейинки даярдык” предметтик циклдык комиссиясы 2022жылдын 26-август айынан баштап түзүлсүн жана ачылсын жана. циклдын төрайым кызматына Түмөнбаева Гүлүмкан Байышовна дайындалсын деген буйруктун негизинде азыркы кундо цикл ийгиликтуу иш жургузуудо, циклда жалпы 17 окутуучу эмгектенет, анын ичинен 13 штаттык жана 4 айкалыштырган окутуучу, 4 илимдин кандидаты, 3 ОшМУнун доценти эмгектенет.