Жаңылыктар Архив

МАТЕМАТИКАЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛДЫК КОМИССИЯСЫ
Обтекание

МАТЕМАТИКАЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛДЫК КОМИССИЯСЫ
Байгазиев Кадырберди Байгазиевич

1111

      ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин 2017-жылдын 30-августундагы чечими боюнча ректордун №745 буйругуна ылайык индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүнүн ториясы жана методикасы кафедрасы түзүлгөн. Кафедра 2020-жылдын октябрында математикалык дисциплиналарынын циклдык комиссиясына өргөртүлүп түзүлгөн.
МДЦК ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ:
      2017-2020-жылдары орто кесиптик билим берүүнүн ториясы жана методикасы кафедрасын доцент К. Байгазиев жетектеген.
      Алгач кафедра 4 багытта окуу-методикалык иши жүргүзүп келген: эмгек рыногунун керектөөлөрүн канааттандырган компетенттүү жана аттандаштыкка туруштук берген орто кесиптик билимдүү болочок адистердин математикалык, табигый-экологиялык, эстетикалык билим берүүнү (сүрөт жана технология) жана методикалык даярдыктарын калыптандырууну ишке ашырат.
      2020-жылы кафедра математикалык жана табигый илимдер дисциплиналарынын циклдык комиссиясына өргөртүлүп түзүлгөн. Ошол эле жылдын октябрында табигый илимдер дисциплиналары өз алдынча циклдык комиссия болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу биздин цикл математикалык дисциплиналардын циклдык комиссиясы (МДЦК) болуп өзгөртүлүп түзүлдү.Учурда МДЦКны К. Байгазиев жетектейт.
      Азыркы учурда МДЦКда 1 илимдин кандидаты, 2 доцент, 17 окутуучу, 1 лаборант эмгектенет.
      Цикл “Башталгыч класстарда окутуу” адистигин негизги билим берүү программасын жетектейт. Цикл “Башталгыч каласстарда окутуу” адистигинин негизги билим берүү программасын жыл сайын жаңылап, өркүндөтүп турат. 2018-жылы ушул адистиктин мамлекеттик стандартын иштеп чыгып КРнын ББИМге сунуштаган. Окутуучулар өздөрү окуткан дисциплиналардын ОМКларын өркүндөтүүнүн үстүнөн иштөөдө.
Учурда циклда “Чебер колдор” жана “Тексттүү маселелерди чыгаруунун технологиясы” аттуу ийримдер иштейт.       2017-2018-окуу жылында цикл жооптуу болгон “Башталгыч класстарда окутуу” адистинин программасы, ошондой эле ИПКда ишке ашырылып жаткан бардык программалар боюнча аккредитациядан ийгиликтүү өткөн.
      МДЦКнын окутуучуларынын 2018-жылы 4 илимий макаласы, ошондой эле орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн КРнын ББИМнын грифи менен “Комбинаториканын элементтери” жана “Терс эмес бүтүн сандардын аныктоонун ар түрдүү ыкмалары” аттуу 2 окуу куралы жарык көргөн. Математиканын “Көптүктөр теориясы” главасы боюча электрондук окуу куралын даярдоо пландалган. Ушул тапта циклдын окутууларынын макалалары ар түрдүү илимий-методикалык журналдардан жарык көрүүдө. Илимий иштер менен алектенген жаш окутуучулар жыл сайын арбууда. Окутуучу Н. Сарыгулова PhD докторантурадага тапшырып, “Евклиддик мейкиндиктеги Френенин циклдык торчосунан пайда болгон бөлүштүрүүлөрдүн геометриясы” темасынын үстүнөн иштөөдө. Окутуучулар Ж. Мисиралиева жана Э. Кутпидин уулу аспиратураны аяктоо алдында турушат.
      Циклдын окутуучулары үйрөнүүчүлөрдүн таанымдык ишмердигин өнүктүрүүнүн маселелери боюнча изилдөө иштерин пландаган жана изилдөөлөр жүргүзүүдө. Циклдын окутуучуларын иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын мүчөлөрү жана ата-энелер менен жолугушуусу традицияга айланды.
      Окутуучулар ИПКнын жана МДЦКнын ар кандай маданий-массалык, спорттук жана коомдук иш-чараларына активдүү катышып келишет.
Ички академиялык мобилдүүлүктү камсыздоо максатында Кыргыз-Өзбек университетинин педагагикалык колледжи жана ОГПИ менен келишим түзүлдү. Учурда ички мобилдүүлүк боюнча студенттер алмаштырылып окутулууда.