Обсуждение ООП со стейкхолдерами

"ИВТ бакалавр жана магистрдик программалары үчүн НББПнын мазмунун жана стратегиялык пландарын тейлөөчү кафедралардын окутуучулары менен талкулоо" деген темада тегерек стол

"ИВТ" бакалавр жана магистрдик программалары үчүн НББПны, жумушчу окуу программасын,окутуу максаттарын жана натыйжаларын, стратегиялык пландарын жана баалоо критерийлерин тейлөөчү кафедраларынын окутуучулары менен биргеликте талкулоо" деген темада тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго көмөкчү кафедралардын жана АССТ кафедрасынын окутуучулары катышты. Жыйынды МИТ факультетинин деканы, доцент У.А. Сопуев ачып, окутуучуларга аккредитацияга даярдык боюнча маалымат берип өттү. ИВТ бакалавр багытынын программасы боюнча Молдояров У.Д., ал эми ИВТ магистрдик программасы үчүн Атырова Р.С. маалыматтарды беришти. Көмөкчү кафедралардын окутуучулары менен биргеликте дисциплиналардын аннотациялары жана окутуунун натыйжалары талкууланды.