Илимий жумалыктар

Ош мамлекеттик университетинин Математика жана информациялык технологиялар факультетинде 10-12-апрель күндөрү Ош МУнун 80 жылдыгына жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата "Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери, алардын колдонулуштары" аттуу IV илимий конференция болуп өттү.

Илим жумалыгынын иштөө тартиби :

Иш чара

Мөөнөтү, убактысы

Өтүлүүчү жер

Жооптуу окутуучулар

1

Илим жумалыгынын жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине, санариптештирүү жылына арналган

“Математиканын, информатика-нын учурдагы маселелери, алардын колдонулуштары” аттуу IV илимий конференциянын салтанаттуу ачылышы

Пленардык баяндамалар

10-апрель

Саат 11:00

201-ауд.

Сопуев У.А.,

Аттокурова А.,

Сопуев А.,

Ободоева Г.С.,

Папиева Т.М.,

Чамашев М.К.,

Кедейбаева Д.,

Тойгонбаева А.К.,

Беделова Н.С.

2

Окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары

I секция. Математика жана информатиканы окутуунун усулу

II секция . Математиканын актуалдуу маселелери

III секция . Экономикадагы колдонмо математиканын жана информатиканын маселелери

IV секция. IT технологиянын жаңылыктары

Магистранттардын илимий баяндамалары

I секция. Математика

II секция. Колдонмо математика жана информатика

Колдонмо информатика

III секция. Экономикадагы информациялык системалар жана технологиялар

IV секция. Билим берүүдөгү менеджмент

V секция. Физика-математикалык билим берүү

10-апрель

Саат 14:00

302-ауд.

303-ауд.

314-ауд.

327-ауд.

237-ауд.

308-ауд.

328-ауд.

232-ауд.

232-ауд.

Зулпукарова Д.И.,

Тагаева Д.

Тойгонбаева А.К.

Абдукаимова А.

Садыкова Г.,

Шамшиева Г.А.

Тажикбаева С.Т.,

Адилбекова Н.А.

Папиева Т.М.,

Мустапакулова Ч.А.

Ободоева Г.С.,

Рашид к. Б.

Сопуев А.,

Маткалык к. К.

Келдибекова А.О.,

Эргешова Т.

Аттокурова А. Дж,

Садыков З.

3

1. “Илимий ийримдердин ярмаркасы”;

2. “Мыкты окуу китеби”;

3. “Мыкты окуу колдонмо”;

4. “Мыкты патент”;

5. “ОшМУнун 80 жылдыгына мыкты гезит”;

6. “Мыкты доклад”;

7. “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюну.

11-апрель

Саат 13:30

331-ауд

МИТ факультетинин жаштар комитети, Келдибекова А.О.,

Камбарова А.,

Тажикбаева С.,

Шамшиева Г.,

Мустапакулова Ч., Абдукаимова А.

4

Илим жумалыгынын жабылуу аземи, окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, илим жумалыгына активдүү катышкандарды сыйлоо, концерттик программа.

12-апрель

Саат 11:00

201-ауд.

Сопуев У.А.,

Беделова Н.С.,

каф. башчылары.


2019-жылдын 10-апрель күнү (саат 11:00, 201-аудитория)

Иллюстрация Жыл сайын салтга айланган илим жумалыгы МИТ факультетинде 2019-жылдын 10-апрель күнү башталды. Ал күнү саат 11:00 дө 201-адиторияда Кыргыз Республикасынын гимни ойнолуп угулган соң, илим жумалыгын жана ОшМУнун 80 жылдык мааракесине, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылына арналган “Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери, алардын колдонулуштары” аттуу IV илимий конференцияны жана илим жумалыгын МИТ факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент У.А. Сопуев салтанаттуу ачып берди. Куттуктоо сөздөрүнөн кийин, ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г.М. Анарбаева факультеттин абройлуу окумуштуулары көп эмгегин факультетге, университетге арнаганын айтып өттү. Илимий жумалык студенттердин илимге болгон кызыгууларын арттыруу, аларга багыт берүү, илим жолунда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окумуштуу агай-эжекелерге сый-урмат көрсөтүү максатында уюштурулуп жатканын белгиледи.

ИллюстрацияӨз кезегинде сөзгө чыккан сыймыктуу агай-эжекелерибизден ф.-м.и.д., профессор Салы Каримович, ф.-м.и.д., КР УИАнын мүчө-корреспонденти Келдибай Алымкулович, п.и.к., профессор Мейликан Алтыбаевна, ф.-м.и.д., профессор Гүлбадан Матиевна, ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент Абдыганы Осмонович, улук окутуучу Мария Маматкуловна, улук окутуучу Нина Сергеевна, ф.-м.и.к., доцент Маккамбай Шерановичтер сөзгө чыгып, илим жолу сыймыктуу, ары татаал, түйшүктүү жол экендигин белгилешип, талыкпаган эмгек маселе чыгаруудан башталып, изденүү менен гана ийгилик жаратууга боло тургандыгын айтышты.

Пленардык жыйында ф.-м.и.д., профессор Гүлбадан Матиевна “Фракталдык геометриянын учурдагы орду”, ф.-м.и.к., доцент Улук Абдисаматович “Сайттарды түзүүнүн оптималдуу жолдору” , ф.-м.и.к., доцент Толкун Маматаевна “Устаттын берген батасы – шакирттен кетпөө катасы”, ф.-м.и.к., доцент Айзат Куралбековна “Сулайман Абдыкалыковдун өмүр, баяны” деген темада баяндама жасашты. жогорудагы агай-эжекелерибиздин окуучуларынын сөздөрү угулду.

“Шакирттин мыкты устаты, касиеттүү күчкө ээ” демекчи, агай-эжекелерибиздин окуучулары куттуктоо айтышты.

Арада жумалык концерттик номерлер менен толукталды.

Сыймыктуу агай-эжекелерибизге коллективдин атынан сыйлыктар ыйгарылды.

Пленардык жыйындан кийин илимий конференциянын кийинки бөлүгү секцияларда уланып, анда окутуучулардын жана студенттердин илимий баяндамалары төрт секцияда өткөрүлүп I, II, III даражадагы диплом, магистранттардын илимий баяндамалары беш секцияда жасалып, талкууланып, МИТ факультетинин Ардак грамотасы берилди. Бакалавр боюнча 4 секцияда баяндамалар угулду:

IV секция. IT технологиянын жаңылыктары

Бөлүм башчысы: Тажикбаева Сонайым Тойгонбаевна – программалоо кафедрасынын улук окутуучусу;

Катчы: Адилбекова Наргиза – ИТАС кафедрасынын окутуучусу.

1. Хамидиллоев Камолидин –“Имитационное моделирование в AnyLogic” (группа ПОВ(б)-1-15, руководитель: доцент Чамашев М.К.);

2. Азизилла уулу Эгемжар – “Билим берүү процессиндеги компьютердик технологиялардын орду” (ИСТ(б)-2-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Беделова Н.С.);

3. Коңурбаева Кундуз – “Штрих коддор” (АС(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Кудуев А.Ж.);

4. Калбаев Жанболот – “Ош шаарындагы автоунаалардын каттамдарын автоматташтыруу” (ИСТ(б)-2-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Беделова Н.С.);

5. Алимов М., Джураев Ж., Хасанов Х. – “Среда использование 1С в Кыргызстане” (группа ПОВ(б)-2-15, руководитель: ст. преп. Ажибекова А.Т.);

6. Муктарали уулу Өмүрбек – “Тармактык коммутаторлор жана алардын кызматы” (ПОВ(б)-1-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Сейитказыева Г.И.);

“IT технологиянын жаңылыктары” 327-аудиторияда өткөрүлүп, программалоо кафедрасынын улук окутуучусу Тажикбаева Сонайым Тойгонбаевна бөлүм башчысы, ИТАС кафедрасынын окутуучусу Адилбекова Наргиза катчы болуп эмгектеништи.

1-орун: Калбаев Жанболот – “Ош шаарындагы автоунаалардын каттамдарын автоматташтыруу” (ИСТ(б)-2-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Беделова Н.С.);

2-орун: Коңурбаева Кундуз – “Штрих коддор” (АС(б)-1-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Кудуев А.Ж.);

3-орун: Муктарали уулу Өмүрбек – “Тармактык коммутаторлор жана алардын кызматы” (ПОВ(б)-1-16Р тайпасы, жетекчиси: улук окутуучу Сейитказыева Г.И.);

Жумагулова Мырзайым – “Криптовалюта. Bitcoin бааларынын реалдуу чагылдырылышы” (ИСТ(б)-1-18 тайпасы, жетекчиси: окутуучу Төлөбаева К.).

Активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкү студенттерге сертификат берилди:

1. Азизилла уулу Эгемжар – “Билим берүү процессиндеги компьютердик технологиялардын орду” (ИСТ(б)-2-16 тайпасы, жетекчиси: доцент Беделова Н.С.);

2019-жылдын 11-апрель күнү кичине актовый залда (КАЗда)

“Илимий ийримдердин ярмаркасы”, “Мыкты окуу китеби”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмо”, “Мыкты монография”, “Мыкты патент”, “Мыкты макала”, “ОшМУнун 80 жылдыгына мыкты гезит”;

“Мыкты доклад” конкурстары өткөрүлдү.

Информатика кафедрасынын окутуучусу Гүлмира Асилидиновна адистиктер аралык “Брейн-ринг” интеллектуалдык оюнун уюштуруп өткөрдү. Жыйынтыгында 1-орун: ПИЭс9-1-18 тайпасы, 2-орун: АСс9-1-18 тайпасы болду. Студенттердин мыкты ИИИ конкурсунда ФМО, ББМ магистранттары Российск журналдардан 6 макала жарыялаган 3 студент долбоордо катышып иштешүүдө. МК(б)-1-16 тайпасынын студенттери Акжол кызы Т., Мыктыбек кызы М., Эркинбек кызы Т. “ТК” предметинен мыкты портфолио топтошкон. Магистранттар арасында доцент А. Келдибекованын жетекчилиги менен МТО(м)-1-18 тайпасынан Кушбак кызы Нуржанат, Кадырова А. портфолио топтогон. Программалоо кафедрасында доцент Н. Аркабаевдин жетекчилиги менен 2 ийрим иштейт. Доцент Т. Папиеванын жетекчилиги менен МК(б)-1-17 тайпасынын студенттери “Фракталдарды” чыгарышкан. ИТАС кафедрасынын АС(б)-1-15 тайпасынын студенттери Акжол уулу Сүйүнбек, Мейманов Бекболсун “Умный дом” курушкан. Алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Гүлбадан Матиевна 26 патент, ИТАС кафедрасынын улук окутуучусу, ф.-м.и.к. У. Молдояров 4 патентге автордук күбөлүк алышкан. МИОТжББМ кафедрасынын доценти А.О. Келдибекова 6 чет элдик китеп конкурстарына катышып (Париж, Москва, Барселона), алтын медаль, диплом алган.

2019-жылдын 12-апрель күнү кичине актовый залда Илим жумалыгынын жабылуу аземи өткөрүлдү. Окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, илим жумалыгына активдүү катышкандарды сыйланды.

Бул күнү бакалавр жана колледждин студенттерин факультеттик олимпиаданын жеңүүчүлөрү, мыкты доклад жасаган студенттер жана магистранттар, ошондой эле “Мыкты гезит” конкурсунан уткан тайпалар ж.б. сыйланды.

Илим жумалыгына кафедралардан активдүү катышып, жакындан жардам берген окутуучуларды да сыйлоо менен улантылды. Факультеттин “Шайыр, тапкычтар клубунун” балдары тарабынан тамашалар тартууланып, ыр-бий менен шаңдуу өткөрүлдү.

Илим жумалыгынын жабылышы концерттик программа менен коштолуп, факультеттин деканы, доцент У.А. Сопуев тарабынан жабылды.